Загрузка документа…
ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
УКАЗ
2013-жылдын 19-августу ПЖ № 178
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- биринчи абзацтагы "тиркелгендер" деген сөз "тиркелген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү-төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
2) 5-пункттагы "уюштуруу документтерине кол коюуга" деген сөздөр "уюштуруучусунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 19-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун бешинчи-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |