Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 Жарлыгы менен бекитилген |
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Комиссиянын милдеттери
3. Комиссиянын ыйгарым укуктары
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.
2. Комиссия өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишмердигин Жогорку Кеңештин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун уюмдары менен өз ара тыгыз аракеттенет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тарых илимин өнүктүрүүнүн Мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү;
2) ишенимдүү тарыхый булактардын базасынын негизинде Кыргызстандын тарыхын терең жана ар тараптан изилдөө үчүн шарттарды түзүү;
3) Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептерин экспертизалоо жана баа берүү, тийиштүү корутундуларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
4) финансылоо үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий мурастарын үйрөнүү боюнча артыкчылыктуу программаларды жана долбоорлорду аныктоо;
5) Кыргыз Республикасынын тарыхынын актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан элинин маданий мурастарын талкуулоо үчүн эл аралык, республикалык, региондук конференцияларды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
6) тарыхый жана маданий мурастарды изилдөөнүн натыйжаларын кеңири жайылтуу, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу;
7) эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттердин коомдук уюмдары менен тарыхый жана маданий мурастарды иликтөө жагында байланышуу жана кызматташуу.
5. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, жарандык коомдун уюмдарынан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын кеңири жайылтуу максатында долбоорлорду иштеп чыгууга, талдоо жүргүзүүгө жана сунуштарды иштеп чыгууга;
3) Кыргызстан элинин тарыхынын актуалдуу маселелерин, тарыхый жана маданий мурастарын кеңири жайылтуу максатында конференцияларды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштурууга.
6. Комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорду финансылоо Кыргыз Республикасынын бюджетинен жана мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти уюштурган фонддун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
8. Комиссиянын жыйналышы кварталында бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса ыйгарым укуктуу болуп саналат. Эгерде Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет. Добуштар тең чыгып калган учурда Комиссиянын төрагасы жактап добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Комиссиянын чечими протокол түрүндө таризделет жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын өнүктүрүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдарга, жарандык коомдун уюмдарына жеткирилет.
9. Комиссия ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өз ишинин регламентин бекитет.
10. Комиссиянын чечими менен түзүлгөн анын катчылыгы Комиссиянын жумушчу органы болуп саналат.
11. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жүргүзөт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)