КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 31-майы ПЖ № 125
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына ыйгарым укуктарын узарткандыгына байланыштуу токтом кылам:
1. 2013-жылдын 30-майынан тартып төмөнкүлөрдүн кызмат орундарын ээлеши улантылсын:
- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун төрагасынын - Батырбеков Жаналы Мамытовичке;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын - Сейдакматова Аида Асанбековнага.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |