Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 30-августу ПЖ № 30
А.К. Мадумаров жөнүндө
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин уставдык органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн түзүү максатында, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешин түзүү жөнүндө 2009-жылдын 3-октябрындагы Макулдашууну көңүлгө алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин катчылыгына түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары катары жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |