Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 21-январы ПЖ № 37
К.Ш.Абакиров, Э.Т.Байтикова, Ю.Сарыков жана А.А.Токбаева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2008-жылдын 21-январынан баштап төмөнкүлөр бошотулсун:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 21-январындагы № 38 Указы менен дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 Жарлыгы менен Ысыккөл облустук сотунун судьялыгына которулган Абакиров Каныбек Шонкоевич Нарын облустук Арбитраждык сотунун судьясынын кызматынан;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 21-январындагы № 38 Указы менен дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 Жарлыгы менен Жалалабат облустук сотунун судьялыгына которулган Байтикова Эльмира Турдакуновна Бишкек шаарынын Арбитраждык сотунун судьясынын кызматынан;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 21-январындагы № 38 Указы менен дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 Жарлыгы менен Жалалабат облустук сотунун судьялыгына которулган Сарыков Юлдашбай Жалалабат облустук Арбитраждык сотунун судьясынын кызматынан;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 21-январындагы № 38 Указы менен дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 Жарлыгы менен Ош облустук экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьялыгына которулган Токбаева Айнаш Абдымановна Ош облустук Арбитраждык сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |