Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 12-ноябры ПЖ № 399
Б.Авизов, А.С.Омуралиев, Ш.Т.Осмоналиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1, 4-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кенешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун кынтыксыз эмес жүрүш-турушу жөнүндө чечимин эске алуу менен токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Авизов Барнакул Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын кызматынан;
- Омуралиев Апас Сакишович Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткарган Осмоналиев Шавкат Топчуевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |