Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 12-ноябры ПЖ № 400
М.Кубатбеков, Б.К.Момбеков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жергиликтүү сотторунун судьяларын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр кызматынан четтетилсин:
- Кубатбеков Маратбек Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын кызматынан;
- Момбеков Болот Канаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |