Редакцияот 21.01.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 21-январы ПЖ № 39

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун

судьяларын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү

сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын

жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына жана 84-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Абакиров Каныбек Шонкоевич жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ысыккөл облустук сотуна жөнөтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Байтикова Эльмира Турдакуновна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сарыков Юлдашбай жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалалабат облустук сотуна жөнөтүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токбаева Айнаш Абдымановна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облустук райондор аралык сотуна жөнөтүлсүн.

5 Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев