Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 Жарлыгы менен бекитилген |
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүүнүн ПРОГРАММАСЫ
1. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүүнүн Программасы (мындан ары - Программа) администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктаган документ болуп саналат.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" жана 2011-жылдын 20-июнундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоо Концепциясы жөнүндө" жарлыктарына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Программа ошондой эле, муниципалдык кызматчыларды окутуунун маселелерин камтыйт, анткени Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы № 44 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы менен муниципалдык кызмат жагындагы бир катар функциялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүлүп берилген.
Мындан тышкары, Программада окутуунун жаңы ыкмалары баяндалган, алар окутуунун түрлөрүн, багыттарын жана сертификациялоо маселелерин камтыйт; окутуу системасынын бардык элементтеринин ролдору жана милдеттери аныкталган жана бөлүштүрүлгөн; системаны финансылык, кадрдык жана илимий-методикалык камсыз кылуунун негизги жолдору аныкталган. Окутуу системасы координациялоонун ар түрдүү деңгээлдеринде милдеттерди жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүүгө негизделген.
2. Программа этап-этабы менен аны жүзөгө ашыруу Планына ылайык ишке ашырылат. Программаны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары - МКК) камсыз кылат.
3. Окутуу - мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө үчүн билимге, көндүмдөргө жана жөндөмдөргө ээ болуунун максатка багытталган, системалуу жана план ченемдүү уюштурулган процесси, ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын суроо-талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын кайра даярдоо - улам өзгөрүлүп жаткан экономикалык жана социалдык шарттарга көнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификациясын кеңейтүү, кесиптик ишмердиктин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билимдерге, ыкмаларга ээ болуу, айрым окуу сабактарын окуп-үйрөнүү максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу - өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүү үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн жаңыртуу максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары - Мамзаказ) - республикалык бюджетте бул максаттарга каралган каражаттардын чегинде календардык жыл ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу планын билдирет. Мамзаказ өзүнө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ар түрдүү категориялары үчүн бардык программаларды, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын, илимий изилдөөлөрдү жана окутуу-методикалык иштеп чыгууларды камтыйт.
7. Акыркы жылдары калыптанган жана азыркы учурда колдонулуп жаткан окутуу системасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын суроо-талаптарын жана күтүүлөрүн толук бойдон эске албайт, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик жактан өнүгүшүнө жетиштүү түрдө багытталган эмес.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун азыркы системасында төмөнкү кемчиликтер бар:
1) материалдык, финансылык, кадрдык жана башка ресурстар үнөмдүү пайдаланылбайт;
2) окутуунун натыйжалуулугуна баа берилбейт жана кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнө тийгизген таасирин баалаган жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалынын өсүшүн чагылдырган көрсөткүчтөр жок;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга бөлүнгөн финансылык каражаттардын көлөмү жетишсиз. Мамлекеттик органдардын ишмердигин каржылоо үчүн каралган чыгымдардан бир пайыздан аз эмес каражат мамлекеттик кызматчыларды окутууга бөлүнүшү керек деген "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген норма дээрлик аткарылбайт;
4) окутуунун масштабы төмөн. Мамлекеттик кызматчылардын саны болжол менен 16 миң адамды, муниципалдык кызматчылардын саны 10 миң адамды түзөт, ал эми жыл сайын окутуунун ар кандай түрлөрү болжол менен 3 миң адамды гана камтыйт. Учурдун талаптарына ылайык, ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы үч жылда кеминде бир жолудан аз эмес квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшү керек. Демек, жыл сайын болжол менен 5 миң мамлекеттик кызматчы жана 3 миң муниципалдык кызматчы окутулушу керек;
5) тил саясатынын маселелеринин чечилбегендиги кызматтык милдеттерди, анын ичинде документтер менен иштөөдө жана иш кагаздардын жүргүзүүдө кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга шайкеш деңгээлге чейин мамлекеттик тилге ээ болуунун сапаттуулугун жогорулатууда кыйынчылыктарды жаратууда;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды квалификацияны жогорулатуунун ар түрдүү программалары боюнча жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ар кандай категориялары үчүн окутуу процессин уюштуруунун бирдейлештирилген талаптарынын жана шарттарынын керектүү пакети жок;
7) профессордук-окутуучулук курам мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү маселелерин илимий жактан иштеп чыгууга жеткиликтүү деңгээлде катышкан жок;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу үчүн зарыл сандагы окутуучулар жана эксперттер жетишпейт;
9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун бардык этаптарына мониторингди толук ченемде жүргүзгөн жок (чогултуу, окутуу жана окутуунун натыйжалуулугун баалоо);
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга дем берүүнүн иштелип чыккан системасы жок;
11) өткөрүлүп жаткан окутуу курстары окууга болгон талаптарга, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттерине, ошондой эле кызмат орундарына коюлган квалификациялык талаптарына толук бойдон таянбайт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - КРПМБА) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшү боюнча алдыңкы окуу жайы, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу маселелери боюнча илимий, методикалык борбор катары КРПМБА калыптандыруу боюнча ишти жаңы эле баштады.
10. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн камсыз кылуу кызыкчылыгында МККнын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, КРПМБАнын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү башка окуу жайларынын тыгыз өз ара аракеттенүүсү керек.
Өткөн мезгилде ар түрдүү долбоорлордун чегинде эл аралык уюмдардын күчү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүүсүнө байланыштуу темалар боюнча көптөгөн тренингдер өткөрүлгөн.
11. Ошентип, ченемдик укуктук базанын бар болушуна карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун орун алган системасы толук калыптанган эмес, аны бирдиктүү башкаруу жана координациялоо жок. Аталган маселелерди чечүү жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматын модернизациялоо үчүн өлкөнүн жетекчилигинин саясий эрки;
2) МККнын активдүү позициясы;
3) статс-катчылар институтун өркүндөтүү;
4) КРПМБАнын потенциалын күчөтүү, аны билим берүү ишмердигинин жаңы сапаттагы деңгээлине көтөрүү;
5) башка жогорку окуу жайларынын, мамлекеттик органдарга караштуу ведомстволук окуу борборлорунун, ошондой эле билим берүүчү менчик уюмдардын бар болушу;
6) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын чыңдоого донорлордун кызыгуусу.
12. Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун концепциясынын жана 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын милдеттерине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык натыйжалуу башкаруунун талаптарына жооп берген, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун ийкемдүү жана аракеттүү системасын түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
13. Окутуу системасынын учурдагы абалын, көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн, анын негиздүү жана көмөкчү процесстерин талдоо жана бул маалыматтарды коюлган максатка салыштыруу натыйжасында төмөнкү стратегиялык милдеттерди белгилөөгө мүмкүнчүлүк берди:
1) окутуу системасын ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу;
2) башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү;
3) окутуу системасынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө;
4) окутуу ыкмаларын жаңыртуу;
5) адекваттуу ресурстук камсыз кылуунун туруктуу механизмин түзүү.
14. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасы төмөнкү принциптерге негизделиши керек:
1) окутуу системасынын бардык элементтеринин ишин бирдиктүү башкаруу жана координациялоо;
2) окутуунун туруктуулугу;
3) мамлекеттик заказдын негизинде, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле башка каражаттарды (акы төлөп окутуу ж.б.) тартуунун эсебинен окутуу системасынын иштеши;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык көтөрүлүшү жана которулушу үчүн окутуунун милдеттүүлүгү;
5) окутуу программаларынын кызмат орундарынын топторуна коюлуучу талаптарга ылайык келүүсү;
6) окутуу программаларын жалпы жана ведомстволук программаларга бөлүү;
7) кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүнүн милдеттүүлүгү;
8) жогорку квалификациядагы педагогикалык жана илимий потенциал, өнүккөн методикалык жана маалыматтык-талдоо базасы менен камсыздуулук;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу тармагында атаандаштык чөйрөнү түзүү;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун заманбап талаптарына шайкештигинин негизинде окутуунун озуучу мүнөзүн калыптандыруу;
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбасын, билим берүүнүн жаңы методикаларын жана технологияларын кеңири колдонуу.
§1. Окутуу системасын ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу
15. Программанын стратегиялык милдеттерин чечүү үчүн оболу колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү же төмөнкү маселелерди теске салган жаңы актыларды кабыл алуу зарыл:
1) окутуу системасын уюштуруу жана башкаруу, окутуунун түрлөрү, формалары, программалары жана окутуудан өткөндүгү жөнүндө документтер;
2) Мамзаказды түзүү, жайгаштыруу, каржылоо жана аткаруу тартиби;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга болгон суроо-талаптарын аныктоо жол-жоболору;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасына мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо тутумун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасында статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун чет өлкөлүк программаларын ишке ашыруу тартиби;
7) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын каржылоо;
8) Мамзаказды жүзөгө ашыруу үчүн окутуу акысынын нормативдерин белгилөө;
9) окутуучулардын тийиштүү эмгек акысын белгилөө;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына аттестациялоодо, ишмердигин баалоодо жана администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына конкурстук тандоодо өзүнүн квалификациясын жогорулаткан жана мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү үлгүдөгү документти көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын артыкчылыгын белгилөө;
11) саясый кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка биринчи жолу кирип жаткан жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилген адамдардын квалификациясын жогорулатуунун шарттарын жана талаптарын аныктоо;
12) Программаны жүзөгө ашыруу жана окутуу системасын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу үчүн МККнын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кадрдык потенциалын күчөтүү.
§2. Башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү
16. Окутуу процессин башкаруу системасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга Мамзаказды жыл сайын бекитет;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга Мамзаказды жүзөгө ашыруу үчүн анын өз учурунда каржыланышын камсыз кылат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук программаларын жүзөгө ашыруу үчүн алардын өз учурунда каржыланышын камсыз кылат;
- мамлекеттик заказдан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга кошумча билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн КРПМБАнын каржыланышын камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун мамлекеттик саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары - ЖӨБ) органдарынын окутууга болгон суроо-талаптарын аныктоо боюнча методология менен камсыз кылат;
- Мамзаказды түзөт жана аны конкурстук тандоо жолу менен билим берүү мекемелеринин арасында жайгаштырат жана анын аткарылышын контролдойт;
- окутуунун ведомстволук программаларын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын чет өлкөлүк окутуу программаларын камтыган окутуу системаларына мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугуна баа берет;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндөгү донордук жардамды координациялайт;
- мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча бардык чет өлкөлүк программаларды ишке ашырууга катышат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө жарандык коом жана өкмөттүк эмес уюмдар, ЖӨБ органдарынын ассоциациялары (Муниципалитеттер бирлиги) менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасынын кадрдык, илимий жана окутуу-методикалык камсыздоону уюштуруу боюнча иш жүргүзөт;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:
- билим берүү уюмдарынын ортосунда конкурска катышуу аркылуу Мамзаказга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну жүзөгө ашырат;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан мамлекеттик жана муниципалдык органдарына алардын кызматкерлерин окутууга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жана бул максаттар үчүн республикалык бюджеттен КРПМБАга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде мамлекеттик жама муниципалдык кызматчыларды окутууну ишке ашырат;
- керектүү окутуу-методикалык база менен камсыз кылат;
- илимий, изилдөө жана талдоо базасын түзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасынын кадрдык потенциалын жогорулатат;
- МКК менен бирдикте жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга болгон суроо-талаптарын изилдейт;
4) мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жооптуу адамдар:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын окутууга болгон суроо-талаптарын изилдөө боюнча ишти уюштурат жана Мамзаказга киргизүү үчүн окутууга тийиштүү заявкаларын МККга киргизет;
- ар түрдүү топтор үчүн окутуу программаларын иштеп чыгууга катышат;
- ведомстволук программалар боюнча окутуу процессин уюштурат;
- окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишмердигинин натыйжалуулугуна баа берүүнү уюштурат;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадр кызматтары:
- окутууга болгон талаптарды изилдейт;
- кесиптик өнүгүү жана кадрдык потенциалды жогорулатуу боюнча программаларды жана иш-чараларды жүзөгө ашырат.
§3. Окутуу системасынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө
17. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларынын, ведомстволук окуу борборлорунун, ошондой эле консалтингдик жана билим берүү менчик компанияларынын түйүнүнүн потенциалына таянышы керек. КРПМБА мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасында жетектөөчү илимий-методикалык борборуна айланышы керек, ал керектүү методикалык материалдарды иштеп чыгат.
КРПМБА Мамзаказды жүзөгө ашырууда жетектөөчү ролду ойноп, Мамзаказдын негизги аткаруучусу болушу керек, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасынын кадрдык потенциалын жогорулатуу, окутуу жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу, МККнын, башка мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кошумча заказдары боюнча илимий, изилдөө жана талдоо иштерин аткаруу боюнча жетектөөчү билим берүү мекемеге айланышы керек.
18. Окутуу системасынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
- региондук билим берүү уюмдарынын потенциалын жогорулатуу;
- билим берүү кызматтарын көрсөткөн уюмдарды милдеттүү түрдө конкурс өткөрүү жолу менен тандоо.
§4. Окутуу ыкмаларын жаңыртуу
19. Окутуунун түрлөрү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасында окутуунун эки түрү колдонулат - кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу.
Тийиштүү документ менен тастыкталган кайра даярдоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрлерине ылайык, кызмат орундарынын кийинки тобуна которуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
Тийиштүү документ менен тастыкталган квалификацияны жогорулатуу аттестациялоонун, ишти баалоонун, жаңы кызмат орунун ээлөөнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын бир тобунун чегинде класстык ченди алуунун шарттарынын бири болуп саналат.
20. Окутуунун багыттары. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасы эки багытты - жалпы жана ведомстволук багытты камтыйт.
Окутуунун жалпы багыты ишмердиктин чөйрөсүнө карабастан, тийиштүү категориянын кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик ишинин ар түрдүү багыттары боюнча башкаруучулук билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү жана жаңыртуу максатында жүзөгө ашырылат. Бул багыт көбүнчө КРПМБА, ошондой эле башка билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылышы керек.
Окутуунун ведомстволук (тармактык) багыты ишмердиктин тармагын жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын аныкталган кызмат орундарынын квалификациялык талаптарына ылайык кесиптик билимдерди жана ыкмаларды өркүндөтүү жана жаңыртуу максатында жүзөгө ашырылат. Бул багыт окутуунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык, ведомстволук окуу борборлорунун жана башка билим берүү уюмдарынын базасында ишке ашырылышы керек.
21. Окутуунун формалары. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну бардык инновациялык технологияларды колдонуу менен окутуунун заманбап формалары аркылуу жүзөгө ашыруу зарыл.
Дистанциялык окутууну ишке киргизүү керек, анткени ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын окутууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, кесиптик өнүгүшүнүн ийкемдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өз алдынча окуу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, МККнын адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык тутумунун (АРБМТ) мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу керек.
Өзүнүн жумуш орунунда окутуу, насаатчылык, стаж өтүү өңдүү жана башка окутуу формаларын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу үчүн активдүү колдонуу зарыл.
22. Техникалык тапшырма. Окутуунун сапатын камсыз кылуу максатында Мамзаказга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кошумча окутууга техникалык тапшырма тиркелиши керек. Бул тапшырмада окутуунун формалары, түрлөрү жана деңгээлдери аныкталып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы кайсы билимди алып, аны кандай көндүмдөргө үйрөтүү зарыл зкендиги көрсөтүлүшү керек.
23. Окутууну сертификациялоо. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын окутуудан өтүшү мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ менен тастыкталышы керек. Мамзаказ боюнча кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө документти алуу үчүн милдеттүү шарт болуп, угуучулардын МККнын Тестирлөө борборунда жыйынтыктоочу контролдон өтүшү эсептелет.
Окутуудан өткөн бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар МККнын АРБМТсына жана мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын тийиштүү маалыматтык базаларына киргизилиши керек.
§5. Адекваттуу ресурстук камсыз кылуунун туруктуу механизмин түзүү
24. Финансылык жактан камсыз кылуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууну каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет: республикалык жана жергиликтүү бюджеттер; окуучулардын контракттык каражаттары; эл аралык донордук уюмдар берген гранттар; мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган башка булактар.
Окутууга Мамзаказдын бюджети, инфляцияны эске алуу менен, окутуунун акысын эсептөө нормативдерине негизделип түзүлөт.
Жалпы багыттар боюнча окутууну өткөрүү үчүн, ошондой эле окутуу системасынын кадрдык, илимий жана окутуу-методикалык камсыздоосун каржылоо үчүн, окутууга болгон суроо-талаптарга ылайык, чыгымдардын бюджеттик квалификациясында өзүнчө сап менен финансылык каражаттар МККнын бюджетине бөлүнүшү керек.
Ведомстволук багыттар боюнча окутууну өткөрүү үчүн, окутууга болгон суроо-талаптарга ылайык, чыгымдардын бюджеттик квалификациясында өзүнчө корголгон сап менен финансылык каражаттар мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына бөлүнүшү керек.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча өз программаларын жүзөгө ашыруу үчүн КРПМБА республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
ЖӨБ органдары окутууга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын бөлүп берсе болот.
25. Кадрдык жактан камсыз кылуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылган окутуучулардын жана эксперттердин потенциалын өнүктүрүү үчүн төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыруу керек: окутуучуларды жана эксперттерди окутуу боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; эмгек акыны төлөө системасын өзгөртүү жана керектүү шарттарды түзүү аркылуу окутуучуларга жана эксперттерге дем берүүнү жогорулатуу; окутуучуларды жана эксперттерди сертификациялоону ишке киргизүү.
Программаны жүзөгө ашыруу жана окутуу системасын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу үчүн МККнын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кадрдык потенциалын күчөтүү зарыл.
26. Илимий жактан камсыз кылуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасы заманбап илимий базага негизделиши керек. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндөгү ар кандай проблемаларды чечүү үчүн илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттарын аныктоо;
2) Мамзаказдын чегинде илимий изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн бюджеттик каржылоону бөлүү;
3) конкурс аркылуу изилдөөлөргө заказды жайгаштыруу;
4) илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана башка чараларды өткөрүү.
27. Окутуу-методикалык жактан камсыз кылуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасынын натыйжалуу иши төмөнкүлөрдү болжолдойт:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ар кандай топторундагы кызмат орундарын биринчи жолу ээлеген адамдар үчүн окутуунун түрлөрү (кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу) боюнча бирдейлештирилген программаларды иштеп чыгуу;
2) кызмат орундарынын ар кандай топторунун чегинде окутуунун бирдейлештирилген программаларын иштеп чыгуу;
3) окутуунун ведомстволук багытын уюштуруу методологиясын иштеп чыгуу;
4) дистанциялык окутуу программалары үчүн окуу модулдарын иштеп чыгуу;
5) ресурстук окутуу-методикалык борборун түзүү.
28. Программаны жүзөгө ашырууга жооптуу мамлекеттик орган болуп МКК саналат.
Программаны жүзөгө ашырууга ошондой эле мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, билим берүү уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык жана донордук уюмдар катышат.
Программанын аткарылышы этап-этабы менен жүзөгө ашыруу Планына ылайык ишке ашырылат.
Биринчи (өткөөл) этап: 2013-2014-жылдар - окутуу системасынын туруктуу иштешин камсыз кылган ченемдик укуктук актыларды бири-бирине шайкеш келтирүү.
Экинчи этап: 2015-2017-жылдар - Программанын бардык жоболоруна ылайык, окутуу системасын институционалдаштыруу.
29. Программаны жүзөгө ашырууга натыйжалуу мониторинг жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын иштеп чыгуу;
2) окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жөнүндө актуалдуу маалыматтык базаны түзүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу процессин контролдоону уюштуруу;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун жыйынтыктарын жана натыйжалуулугун баалоо методикасын иштеп чыгуу;
5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасында иштин абалы жөнүндө жыл сайын отчет түзүү жана аны талкуулоо;
6) мониторингдин маалыматтарына ылайык, Программаны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна