КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 123 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 20-февралындагы»Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 25-июну ПЖ № 123
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 20-февралындагы "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 20-февралындагы № 46 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Жалал-Абад облусу боюнча:" бөлүмүндөгү "Тажибаева Асилахан Хасанбаевна - үй кызматчысы, Кара-Көл шаары" деген сөздөр алынсын.
2. Бул Жарлык 2012-жылдын 20-февралынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |