Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 519-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо кырсыгынан куткаруучу бөлүкчөлөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бекитилген бюджет каражаттарынын эсебинен ушул буйруктун тиркемесине ылайык жабдууларды, приборлорду жана материалдарды белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.
2. Жабдууларды, приборлорду жана материалдарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды бажылык тариздөөнү Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179-беренелерине ылайык атайын бажы режиминде жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17 – сентябрындагы № 519-б буйругуна тиркеме |
┌──┬──────────────────────────────────────────────────┬──────────┬────┐
│№ │Жабдуулардын, приборлордун жана материалдардын │ Өлчөө │Саны│
│ │ аталышы │ бирдиги │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│1 │Химиялык соргуч - ХПИ │ кг │3000│
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│2 │Р-30 респираторуна ЗИП │ даана │50 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│3 │Редукциялык клапан │ даана │19 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│4 │Дем алуу автоматынын клапаны │ даана │30 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│5 │Химиялык газ аныктагычтар: СО-0,25 │ даана │7560│
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│6 │Химиялык газ аныктагычтар: С02-15 │ даана │264 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│7 │Химиялык газ аныктагычтар: 02-21 │ даана │200 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│8 │Кычкылтек блогу │ даана │6 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│9 │Шланг системасы │ даана │5 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│10│Дем алуу клапаны │ даана │30 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│11│Баш кийим гарнитуру │ даана │10 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│12│Манометрлүү капилляр түтүгү │ даана │4 │
├──┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────┤
│13│4 сааттык изоляциялоочу регенерациялык респиратор │ даана │1 │
└──┴──────────────────────────────────────────────────┴──────────┴────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |