Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 1-сентябры ПЖ № 294
К.К.Бегалиевди, Р.С.Түмөнбаевди жана башкаларды
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Дене тарбия жана спорт жагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн:
"Данк" медалы
менен сыйлансын:
Бегалиев Канатбек Кубатбекович | - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы XXIX Олимпиадалык оюндардын күмүш байгесинин ээси; |
Түмөнбаев Руслан Самаганович | - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынынь эл аралык класстагы спорт чебери, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы XXIX Олимпиадалык оюндардын коло байгесинин ээси. |
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы үчүн:
"Даңк" медалы
менен сыйлансын:
Алыкулов Эмиль Таштанович | - Кыргыз Республикасынын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу-окутуучу; |
Ахметов Мейрамбек Джанилович | - Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын машыктыруучусу-окутуучу; |
Молдабаев Амеркул Алимжанович | - Бишкек шаарынын Свердлов райондук олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорттук мектебинин грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу-окутуучу. |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Шаршекеев Уразбек Рысбекович | - Талас шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу-окутуучу. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |