Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 1-сентябры ПЖ № 297
Л.А.Бокерияны "Даңк" медалы
менен сыйлоо жөнүндө
Медицина жагында кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, республиканын жүрөк-кан тамыр хирургиясынын торолушуна жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Россия медициналык илимдер академиясынын Л.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий Борборунун башкы директору Бокерия Леонид Антонович "Даңк" медалы менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |