Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 1 сентябры ПЖ № 303
О.А. Абдыкалыковду, В.М. Масловду, Ш.Д. Атаеваны жана башкаларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Мамлекеттик кызмат системасындагы көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер»
деген ардактуу наам берилсин:
Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыковичке | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы |
Маслов Виктор Михайловичке | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыз кылуу жана кадр кызматы бөлүмүнүн кадрлар секторунун эксперти |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Атаева Шарымкан Дүйшеевна | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин финансы, эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы |
Баястанова Каныш Каныметовна | - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу Академиясынын башкы бухгалтери |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн социалдык саясат секторунун эксперти. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |