Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПҮБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 14-февралы ПЖ № 73
Ч.Касымовду, Н.П.Ашихминаны жана башкаларды
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
менен сыйлоо жөнүндө
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо системасындагы көп жылдык жана үзүрлүү иши үчүн:
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер"
деген ардактуу наам берилсин:
Касымов Чынарбекке - "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун
директору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Ашихмина Наталья Петровна - "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Киреев Андрей Михайлович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын Кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын техниги;
Мураталиева Алтын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо башкармасынын башкы бухгалтери;
Химамов Суалир Марович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын экономикалык жана финансылык саясат башкармасынын начальниги.
Кыргыз Респүбликасынын Президенти |
К. Бакиев |