Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 8-сентябры ПЖ № 326
Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын
социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун
убактылуу чаралары жөнүндө
Азык-түлүккө баалар жогорулаган шартта калктын аз камсыз болгон катмарларына кошумча мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособиелерге 2008-жылдын 1-октябрынан тартып ар айдагы убактылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- тиешелүү ай үчүн мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир эле учурда ушул Жарлыкта каралган ар айдагы убактылуу компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн белгилесин;
- ар айдагы компенсациялык төлөмдөрдү берүүнү камсыз кылуу үчүн каражаттарды тапсын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |