Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 8-майы № 14
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 1998-жылдын 10-январындагы N 3, 1998-жылдын 29-майындагы N 68, 2001-жылдын 14-ноябрындагы N 91, 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2006-жылдын 8-декабрындагы N 204, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2012-жылдын 25-июлундагы N 131, 2021-жылдын 24-июнундагы N 74 , 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын укуктук, уюштуруу, экономикалык негиздерин аныктайт, ардагерлердин коомдогу татыктуу жашоосун, активдүү ишин, сыйланышын жана кадырланышын камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында ардагерлердин статусун белгилейт.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарактуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдарга таркатылат.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ардагерлер жөнүндө мыйзамдар
Согуштун Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана орук эмгекчилери жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аларды социалдык жактан коргоого багытталган башка мыйзам актыларынан турат.
2-статья. Ардагерлердин укуктук жана социалдык статусунун негиздери
Ардагерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка мыйзам актыларында жана нормативдик актыларда бекемделген социалдык-саясий жана жеке укуктарга жана эркиндиктерге толук ээ болушат. Мында мамлекет ардагерлерге укуктарды, компенсацияларды жана артыкчылыктарды берүү түрүндө социалдык жактан кошумча коргоону гарантиялайт, алар ар кандай жагдайларда жоюлушу же ошого тете компенсациясыз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Согуштун ардагерлери
Согуш ардагерлерине:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары:
- граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштардын мезгилинде, ошондой эле СССРди коргоо боюнча башка согуш операцияларынын убагында согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдарда жана мекемелерде кызмат өтөшкөн аскер кызматчылары, граждандык жана Улуу Ата мекендик согуш убагында убактылуу оккупацияланган аймактарда аракет кылган партизандар жана подполдук уюмдардын мүчөлөрү;
- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде шаарды коргоого катышкандыгы, согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген жеңилдик берүүчү шарттарда иш мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча пенсия дайындоого кире турган шаарларда кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, анын ичинде запаска (отставкага) бошотулгандар, ошондой эле ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдарда жана мекемелерде штаттык кызматты ээлеген армиянын жана флоттун, аскерлердин жана ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын курамында эркин жалданып иштеген адамдар же болбосо тиешелүү мезгилдерде шаарды коргоого катышкандыгы, согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген жеңилдик берүүчү шарттарда иш мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча пенсия дайындоого кире турган шаарларда болгон адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында душмандын оругунда же башка мамлекеттин аймагында согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүндө атайын тапшырмаларды аткарышкан чалгындоо, контрчалгындоо кызматкерлери жана башка адамдар;
- дүйнөлүк экинчи согуштун мезгилинде башка мамлекеттердин аймактарында партизандык отряддардын, подполдук топтордун, башка антифашисттик кошуналардын курамында фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы согуш аракеттерине катышкан адамдар;
- 1944-жылдын 1-январынан 1945-жылдын 9-майына чейин СССРдин аймагында мамлекеттик согуштук тапшырмаларды аткаруу учурунда согуштук операцияларга катышкан аскер кызматчылары, анын ичинде ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруу жана катардагы курамындагы запаска (отставкага) бошотулган адамдар, жок кылуучу батальондордун, жана элди коргоо взводдорунун жоокерлери жана командалык курамы;
- 1941-жылдын 22-июнунан тартып 1945-жылдын 3-сентябрына чейинки мезгилде согушуп жаткан армиянын курамына кирбеген чек ара жана аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде, аскердик окуу жайларында аскердик кызмат өтөгөн, анын ичинде запаска (отставкага) бошотулган аскер кызматчылары;
- Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде Кызыл Армиянын катарында турган адамдардын абалына келтирилген жана армия менен флоттун таламдарында согуш фронтторунун оруктук чек араларында же согушуп жаткан флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган ишканалардын жана согуш объектилеринин, эл комиссариаттарынын, ведомстволордун кызматкерлери, ошондой эле мекемелердин жана уюмдардын (анын ичинде маданият жана искусство мекемелеринин жана уюмдарынын) Ата мекендик согуш жылдарында согушуп жаткан армияга иш сапарына жиберилген кызматкерлери, борбордук газеталардын, журналдардын, ТАССтын, Совинформбюронун жана радионун кабарчылары, документалдуу фильмдердин (кинохроника) борбордук студиясынын кинооператорлору;
- Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде согушуп жаткан армиянын жана флоттун курамына кирген аскердик бөлүктөрдө, штабдарда жана мекемелердин курамында болгон полктун уулдары (тарбиялануучулары) жана юнга катары болгон адамдар таандык кылынат.
2. Согуштун майыптары:
- граждандык жана Улуу Ата мекендик согушта согушуп жаткан армиянын аскер кызматчысынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн катарында болгон адамдар, ошондой эле граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде фронтто, согуш жүргөн райондо, согушка жакын темир жолдордо, коргонуу чегиндеги курулуштарда, аскер-деңиз базаларында жана аэродромдордо алынган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча согушуп жаткан армиянын аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына теңештирилген адамдар;
- СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин башка мезгилдерде аткарууда, ошондой эле Афганистанда, же согуш аракеттери болуп жаткан башка өлкөлөрдө аскер кызматын өтөө учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары;
- СССРдин ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын согуш аракеттери болуп жаткан мамлекеттерде аскер кызматын аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
- 1944-жылдын 1-январынан 1951-жылдын 31-декабрына чейин Украин ССРинин, Белорус ССРинин, Литва ССРинин, Латвия ССРинин, Эстон ССРинин аймактарында аракеттенген, аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, жок кылуучу батальондордун жана элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын жоокерлери жана командалык адамдар;
- башка өлкөлөрдө согушкан аскердик контингенттерди тейлеген жана аларда согуштук аракеттер жүргөн мезгилде жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар.
3. Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар.
4. Башка өлкөлөрдүн аймактарындагы согуш аракеттерине катышкандар:
- СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар (согуштук адистер жана кеңешчилерди кошкондо);
- согуштук аракеттеринин учурунда Афганистанга жүктөрдү жеткирүү үчүн жиберилген автомобилдик батальондордун аскер кызматчылары;
- согуш аракеттеринин учурунда аскердик жыйынга чакырылган жана Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр;
- СССРдин аймагынан Афганистанга аскердик тапшырма боюнча учууну аткарган учкучтардын курамындагы аскер кызматчылары;
- Афганистандагы советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар.
Кыргыз Республикасынын граждандары катышкан согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана алар болгон мезгилдердин тизмеси ушул Мыйзамдын тиркемесинде келтирилет.
4-1. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
5. Адамдардын башка категориялары:
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында оруктагы кайратман эмгеги жана аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандар;
- Жол катнаш эл комиссариатынын, Байланыш эл комиссариатынын, СССРдин Балык өнөр жай эл комиссариатынын балык уулоочу жана транспорттук кемелеринин сууда сүзгөн курамынын жана авиациянын учуп-конуу курамынын, деңиз жана дарыя флотунун, Башкы түндүк деңиз жолунун авиациясынын учуп-конуу курамынын Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде аскер кызматкерлеринин абалына өткөрүлгөн жана согушуп жаткан армиянын жана флоттун таламдарында согушуп жаткан фронттордун, флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган жумушчулар, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун башталышында башка мамлекеттердин портторунда интернирацияланган кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрү;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундар;
- 1979-жылдын 1-декабрынан 1989-жылдын декабрына чейин Афганистанга жана согуштук аракеттер жүрүп жаткан башка өлкөлөргө жумушка жиберилген жумушчулар жана кызматчылар;
- Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана Советтик Армиянын чектелген контингентинин курамына кирбеген СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин жумушчулары жана кызматчылары.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын, өлгөн майыптардын, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майып деп табылган катышуучуларынын үй-бүлөлөрү
1. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө:
- аскер кызматчыларынын, партизандардын, подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн жана курман болгон (дайынсыз жоголгон) же СССРди коргоо учурунда же аскер кызматынын башка милдеттерин аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрү;
- Улуу Ата мекендик согушта жергиликтүү абадан коргонуунун объектилердеги жана авариялык командалардын тобунун өздүк курамында жүрүп өлгөндөрдүн, Ленинград шаарындагы госпиталдардын жана ооруканалардын өлгөн кызматчыларынын үй-бүлөлөрү;
- өзгөчө кырдаалдагы коомго жат көрүнүштөр менен байланыштуу болгон коомдук тартипти сактоо милдеттерин аткаруу мезгилинде курман болгон (өлгөн) Коргоо министрлигинин, ички иштер жана СССРдин мамлекеттик коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларынын, аскерге милдеттүүлөрдүн жыйынына чакырылган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрү;
- Афганистандагы жана башка согуш аракеттери жүргөн мамлекеттерде курман болгон же жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн, дартка чалдыгуунун натыйжасында өлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү.
Жогоруда көрсөтүлгөн курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын, партизандардын жана башка адамдардын үй-бүлөлөрүнө:
- алган пенсиясынын түрүнө карабастан, экинчи ирет никеге турбаган, курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын аялы (күйөөсү);
- курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын ата-энеси.
2. Улуу Ата мекендик согуштун өлгөн майыптарынын жана аларга теңештирилген майыптардын, ошондой эле өлүп калган согуштун катышуучуларынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Улуу Ата мекендик согуштун өлгөн майыптарынын жана аларга теңештирилген майыптардын экинчи жолу никеге турбаган аялдары (күйөөлөрү), ошондой эле өлүп калган согуштун катышуучуларынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген адамдардын жана "За оборону Ленинграда" медалы менен жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдардын, жалпы оорунун, эмгектик мертинүүнүн жана башка себептердин натыйжасында майып деп табылган (укукка жат аракеттердин натыйжасында майып болуп калган адамдардан башка) аялдары (күйөөлөрү) таандык кылынат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери
Куралдуу Күчтөрдүн жана коопсуздук комитетинин органдарынын, ички жана темир жол аскерлеринин жана башка аскер курамдарынын жоокерлери, ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы жана иш мөөнөтүн аяктагандыгы үчүн пенсия алууга укугу барлар, анын ичинде запаска (отставкага) бошогондор, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууга байланыштуу жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн жана дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болгон адамдар Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине таандык кылынат.
6-статья. Граждандардын айрым категорияларына ардагер статусунун жайылтылбай тургандыгы жөнүндө
Согуш ардагеринин статусу ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн, согуш аракеттери жүргүзүлүп жаткан учурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга; дисциплинардык жоруктары үчүн согуш аракеттери жүргүзүлүп жаткан өлкөлөрдөгү аскердик бөлүктөрдөн жана мекемелерден мөөнөтүнөн мурда кайра жиберилген адамдарга, ошондой эле мунапыс же кечирим берүү боюнча уголовный жоопкерчиликтен жана жазадан бошотулган адамдарга карата жайылтылбайт.
Куралдуу Күчтөр ардагеринин статусу ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон же аскердик (атайын) наамга шек келтирген жоруктарды жасагандыгы үчүн аскер кызматынан (ички иштер органдарынан) бошотулган адамдарга карата жайылтылбайт.
Көрсөтүлгөн адамдар административдик же сот тартибинде акталгандан кийин ардагер деп таанылышы мүмкүн.
7-статья. Ардагерлерге карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
Ардагерлерге карата мамлекеттик саясат:
- ардагерлердин укуктук жана социалдык гарантияларын камсыз кылган максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү;
- ардагерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык гарантияларды камсыз кылуучу иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды бөлүп берүүнү;
- массалык маалымат каражаттары аркылуу аскер кызматында ак ниет жана узак мөөнөт кызмат кылуунун, үзүрлүү жана каарман эмгектин, мамлекеттин кызыкчылыгын, граждандардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоодогу, интернационалдык парзды аткаруу учурундагы эрдиги жана эмгектик жетишкендиктери үчүн берилген мамлекеттик сыйлыктардын артыкчылыгын максаттуу чагылдырууну карайт.
8-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо
Ушул Мыйзам тарабынан берилген социалдык гарантияларды жана компенсацияларды жүзөгө ашырууга жумшалуучу чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жумшалат; көрсөтүлгөн чыгымдарды ордун толуктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Ушул Мыйзамда белгиленген ардагерлерди социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо үчүн кошумча каражаттар белгиленген тартипте мыйзамда тыюу салынбаган кандай гана болбосун булактардан алынышы мүмкүн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерге кошумча белгиленген социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.
Социалдык гарантиялар жана компенсациялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте берилет.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоо программасын аткаруудагы жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын компетенциясы
Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялар, шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерди социалдык жактан коргоонун максаттуу программалары иштелип чыгат, аларда эмгекке жарамсыз жалгыз бой ардагерлерге, курман болгон жана дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, согуштун майыптарына өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле ардагерлерге берилген бардык укуктар, социалдык гарантиялар жана артыкчылыктар ишке ашырылат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Эмгектенүүнү улантуу
Ардагерлер пенсия алуу менен бирге, өзү мурда иштеген ишканада, уюмда, мекемеде, же болбосо менчигинин түрүнө карабастан башка ишканада иштөөгө, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ээлик кылуу ишин жүргүзүүгө, чарба жүргүзүүнүн кандай гана болбосун түрүндөгү ишкананы түзүүгө укуктуу.
Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, ардагерлердин эмгектик, ээлик кылуу жана башка коомдук-пайдалуу ишин чектөөгө жол берилбейт.
11-статья. Ардагердик уюмдардын өндүрүштүк ишинин гарантиялары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин каражаттарынан согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңешине колдоо көрсөтөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ардагердик уюмдарга финансылык колдоо көрсөтөт, тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен субсидияларды берет, алардын уставдык милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттарды жана бөлмөлөрдү, жабдууларды жана башка мүлктү акысыз берет.
(КР 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2012-жылдын 25-июлундагы N 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Ардагерлерге карата эмгек жамааттарынын милдеттери жана укуктары
Эмгек жамааттары иштеген ардагер-пенсионерлерге жана интернационалист-жоокерлерге карата гумандуу шарттарды түзүүгө, муктаждыктарын жана сунуш-талаптарын канааттандыруу боюнча ар тараптан жардам берүүгө милдеттүү.
II Глава Ардагерлерди социалдык жактан коргоо
13-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоонун мазмуну
Мамлекет ардагерлерге экономикалык жана социалдык жыргалчылыкты гарантиялайт, аларга:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыздоо, салык төлөө жана пособиени берүү боюнча;
- медициналык, протездик-ортопедиялык тейлөө;
- турак жайды алуу, сатып алуу, куруу жана күтүү боюнча;
- соода жагынан тейлөө боюнча;
- (Алтынчы абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- жумушка орноштуруу, окутуу жана кайрадан даярдоо жана эмгек шарттары боюнча;
- байланыш, маданий, оюн-зоок, спорттук-саламаттыкты чыңдоо мекемелеринин кызматынан пайдалануу боюнча;
- социалдык тейлөө жана социалдык жана юридикалык жардам берүүдөн пайдалануу боюнча социалдык гарантиялар жана компенсациялар берүү менен алардын коомдук турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө активдүү катышуусун камсыз кылат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Улуу Мекендик согуштун катышуучуларына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Улуу Ата мекендик согуштун жеңиш күнүн белгилөө майрамына карата жылына бир жолу берилүүчү 4 эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие берилет.
1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Убактылуу эмгекке жараксыз болгондуктун натыйжасында 100 процент эмгек акынын өлчөмүндө пособие берилет.
3. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Мурастоонун суммасынын абалына карабастан мурастоо жөнүндө укуктуулукка күбөлүк берүүдө 5 сомдун өлчөмүндө гана мамлекеттик акчалай жыйым.
5. Дарылоо-профилактикалык уюмдарда кезексиз акысыз медициналык жардамдан пайдаланат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
7. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
8. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай, пенсияга чыккан учурда өздөрү иштеп жүргөн кезде бекитилген эмканадан пайдаланат.
9. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Ысык-Көл курорттук зоналарына акысыз барышат.
11. Мамлекеттик коомдук жана ведомстволук турак жай фондусундагы үйлөрдөн биринчи кезекте турак жай бөлмөлөрү берилет же турак жай шарты жакшыртылат.
Турак жайдан, ошого тете турак жай менен камсыз кылбай туруп чыгарууга тыюу салынат.
12. Мамлекеттик жана коомдук турак жай фондусундагы ээлеген турак үйлөрдү жана квартираларды акысыз жеке менчигине ала алат.
13. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14. Өзүмдүк үй курууга процентсиз ссуда берилет.
15. Турак жай курулуш кооперативдеринин үйлөрүн куруу үчүн жеңилдетилген шартта ссуда алууга укуктуу.
16. Багбанчылык шериктештигине (кооперативине) кирүүдө артыкчылык укукка ээ болот.
17. Багбанчылык шериктештигинин мүчөсү катарында багбанчылык үйүн сатып алууга, курууга жана багбанчылык участокторун көрктөндүрүү үчүн жеңилдетилген шартта ссуда алууга укуктуу.
18. Өзүмдүк үй курууга жана үйүн (квартирасын) капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн курулуш материалдарын акы төлөп алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23. Иштеп жаткан согуштун катышуучулары жыл сайын өзүнө ыңгайлуу мезгилде өргүүгө чыгат, ошондой эле жылына эмгек акысын сактабастан эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
24. Бардык түрдөгү байланыш кызматынан кезексиз пайдаланат.
25. Квартирасына кезексиз телефон койдурууга укуктуу.
26. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27. Спорттук-саламаттыкты жакшыртуу комплексине жана ден соолук чыңдоо тобуна акысыз катышат жана пайдаланат.
28. Турмуш-тиричилик, соода, коомдук тамактануу мекемелеринин жана ишканаларынын кызматын жеңилдетилген шартта пайдаланат. Театралдык оюн-зоок иш-чараларына жеңилдетилген шартта катышат.
29. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн үйдө тейлөөсүнөн кезексиз пайдаланууга укуктуу.
30. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу өлгөн учурда аны аскердик сый көрсөтүү менен көмүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле өлгөн (курман болгон) адамдар иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жеңилдик берүүчү шарттарда жүргүзүлөт.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 1998-жылдын 10-январындагы N 3, 1998-жылдын 29-майындагы N 68, 2001-жылдын 14-ноябрындагы N 91, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2006-жылдын 8-декабрындагы N 204, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:
1. Улуу Ата мекендик согуштун Жеңишин майрамдоого карата жыл сайын 6 эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие төлөнөт.
1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Убактылуу жумушка жараксыздыгы боюнча 100 процент эмгек акысы төлөнөт.
I-II топтогу майыптарга өргүүгө чыгуу кезексиз жана толугу менен берилбей калган учурда санаторийде дарылануу жана кайра келүү үчүн зарыл болгон күндөрдүн санына жараша дарылоо баракчаларын берүүгө уруксат берилет жана жолдомо ким тарабынан жана кимдин эсебинен берилгендигине карабастан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөнүп берилет.
3. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Мурастоонун суммасынын абалына карабастан мурастоо жөнүндө укуктуулукка күбөлүк берүүдө 5 сом өлчөмүндө гана мамлекеттик акчалай жыйым алынат.
5. Медициналык жардамды мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде кезексиз акысыз алат.
6. Амбулаториялык эмкана мекемелеринде артыкчылык берүү менен тейленет жана ооруканага кезексиз жаткырылат.
7. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
8. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
9. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай, иштеген мезгилинде бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
10. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Ысык-Көлдүн курорттук зонасына акысыз барат.
12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
28. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
29. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
30. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
31. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32. Иштеп жаткан согуштун майыптары жыл сайын өзүнө ыңгайлуу учурда өргүүгө чыгат, ошондой эле эмгек акысын сактабастан жылына бир айга чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
33. Чөп чабуу участокторун жана малы үчүн жайытты биринчи кезекте алат.
34. Байланыш кызматынын бардык түрлөрүнөн кезексиз пайдаланат.
35. Квартирага жана кезексиз телефон койдурууга укуктуу.
36. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
37. Спорттук-саламаттык жакшыртуу комплексинен акысыз пайдаланат жана ден соолук тобуна акысыз катышат.
38. Турмуш-тиричилик, соода, коомдук тамактануу мекемелер жана ишканалар жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтөт.
39. Театралдык оюн-зоок иш-чараларына акысыз барышат.
40. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан үйдөн кезексиз тейленүүгө укуктуу.
41. Согуштун майыбы өлгөн учурда аны аскердик сый көрсөтүү менен коюу жеңилдик берилүүчү шарттарда жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле өлгөн (курман болгон) адамдар иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Согуш ардагерлеринин госпиталын жоюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча гана жол берилет.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 1998-жылдын 10-январындагы N 3, 1998-жылдын 29-майындагы N 68, 2001-жылдын 14-ноябрындагы N 91, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2006-жылдын 8-декабрындагы N 204, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Советтер Союзунун Баатырларына жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандарга социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Советтер Союзунун Баатырларына жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган адамдарга согуштун катышуучуларына белгиленген социалдык гарантиялардан жана компенсациялардан тышкары кошумча түрдө төмөндөгүлөр берилет:
1. Турак жай аянтына бир өлчөмдө төлөнүүчү 20 чарчы метр өлчөмүндө кошумча аянт алуу укугу берилет.
2. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары, Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган адамдарды аскердик сый көрсөтүү менен көмүү жана алардын көрүстөндөрүнө эстелик орнотуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Башка мамлекеттин аймактарында согуш аракеттерине катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар

I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошо алганда, ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар - 15-статьяда каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат.
Жогоруда көрсөтүлүп кеткен адамдарга 14 жана 15-статьяларда белгиленген социалдык гарантиялардан тышкары кошумча түрдө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Жогорку жана атайын окуу жайларына конкурстан сырткары кирет жана кесиптик-техникалык окуу жайларына жана ылайыктуу кесиптик курстарга кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. Жаңы кесипти өздөштүрүү (жаңы жумуш ордун даярдоо) мезгилинин бардык убактысына жумушчунун тарифтик ставкасынын 100 проценти өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.
4. Экинчи кесипке даярдоо, окутуу жана квалификациясын жогорулатууга жумуштан ажыратып окутуунун бүткүл мезгилинде өзүнүн кесиби жана квалификациясы боюнча орточо айлык акысын сактап калууга укуктуу.
5. Согуш аракеттерине катышуу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болгондор жана мамлекеттин толук камсыздоосунда болгон адамдар жогорулатылган өлчөмдө стипендия алууга укуктуу.
II. Үйрөтүү жыйынына чакырылган жана Афганистанга жөнөтүлгөн аскерге милдеттүүлөр жана согуш жүрүп жатканда Афганистанга жүктү жеткирүү иштерин аткарган автомобиль батальондорунун аскер кызматчылары үчүн төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
2. Иштеген жери аркылуу санаторий, профилакторий жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо алууга артыкчылык укугуна ээ болот.
3. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугуна ээ болот.
4. Турак жай менен биринчи кезекте камсыз кылынат.
5. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жана турак жай курулуш кооперативдеринин үйүн куруу үчүн жеңилдетилген ссуда алууга укуктуу.
6. Жыл сайын өзүнө ыңгайлуу мезгилде өргүүгө чыгат, ошондой эле эмгек акысын сактабастан жылына эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
7. Жогорку жана атайын орто окуу жайларына конкурстан сырткары кирет жана кесиптик-техникалык окуу жайларына ылайыктуу кесиптик курстарга кирүүгө артыкчылык укугунан пайдаланат.
8. Бирикмелерде, ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде өндүрүштүк-экономикалык окутуу мезгилинде:
- жаңы кесипти үйрөнүү учурунда (жаңы жумуш ордун даярдоодо) жумушчунун тарифтик ставкасынын 100 проценти;
- экинчи кесипке даярдоо, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу учурунда жумуштан ажыратуу менен окутуунун бүткүл мезгилинде кесиби жана квалификациясы боюнча орточо айлык акысы сакталат.
III. Афганистандагы советтик аскер контингентин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуш аракеттерин камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар үчүн төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Иштеген мезгилиндеги бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
2. Иштеген жери боюнча санаторий, профилакторий жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. Өзүмдүк турак жай курулушуна жеңилдетилген ссуда алууга укуктуу.
4. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
5. Жыл сайын өзүнө ыңгайлуу мезгилде өргүүгө чыгууну пайдаланат, ошондой эле жылына эмгек акысын сактабастан эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
6. Бирикмелерде, ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде өндүрүштүк-экономикалык окутуу мезгилинде:

7. Согуш аракеттеринин учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жогорку окуу жайларынын студенттери, атайын орто окуу жайларынын, ошондой эле кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучулары жогорулатылган стипендия алууга укуктуу.
8. Квартирага телефон орнотууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
171-статья. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына социалдык кепилдиктер
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө белгиленет.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында кайратман эмгеги жана орукта аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында кайратман эмгеги жана орукта аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Улуу Ата мекендик согуштун Жеңишин майрамдоого карата жыл сайын бир эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие төлөнөт.
1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Мурастоонун суммасынын абалына карабастан мурастоо жөнүндө укуктуулукка күбөлүк берүүдө 5 сом өлчөмүндө гана мамлекеттик акчалай жыйым алынат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
4. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай, иштеген мезгилиндеги бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
5. Өзү ээлеп турган кызматтык бөлмөдөн чыгарылган учурда башка турак жай алууга укуктуу.
6. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Ээлеп турган турак жай бөлмөлөрүн оңдотууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
10. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу мезгилде пайдалануу, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын актабастан кошумча өргүүгө чыгууга укуктуу.
13. Квартирасына телефон койдурууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
14. Жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка себептерден улам майып деп таанылган оруктун эмгекчилерине компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик дарылоо профилактикалык мекемелерде акысыз медициналык жардам көрсөтүлсүн.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-статья. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында мыйзамсыз түрдө күч менен жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга берилүүчү социалдык гарантиялар
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында мыйзамсыз түрдө күч менен жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн майрамдоого карата Жыл сайын эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие төлөнөт.
1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Мурастык абалдын суммасына карабастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк бергендиги үчүн мамлекеттик акчалай жыйымдын ставкасы 5 сом өлчөмүндө алынат.
3. Мамлекеттик дарылоо - алдын алуу мекемелеринде кезексиз жана акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
5. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
7. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай пенсияга чыккан учурда өздөрү иштеп турган мезгилде көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарды пайдаланат.
8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Өзү ээлеп турган кызматтык бөлмөдөн чыгарылган учурда башка турак жай берилет.
10. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерине) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Ээлеп турган турак жай бөлмөлөрүн оңдотууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле эмгек акысын сактабастан жылына эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
18. Квартирасына биринчи кезекте телефон койдурууга укуктуу.
19. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, аларда толук мамлекеттик камсыздандыруу менен дайындалган пенсиясынын кеминде 25 процентин сактоо менен жашоого укуктуу.
20. Актоого байланыштуу маселелер боюнча адвокаттардан акысыз кеңеш алууга укук берилет.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2006-жылдын 27-январындагы N 24 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-статья. Жол катнаш эл комиссариатынын, Байланыш эл комиссариатынын, СССРдин Балык өнөр жай эл комиссариатынын балык уулоочу жана транспорттук кемелеринин сууда сүзгөн курамынын жана авиациянын учуп-конуу курамынын, деңиз жана дарыя флотунун, Башкы түндүк деңиз жолунун авиациясынын учуп-конуу курамынын Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде аскер кызматкерлеринин абалына өткөрүлгөн жана согушуп жаткан армиянын жана флоттун таламдарында согушуп жаткан фронттордун, флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган жумушчулардын ичинен, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында башка мамлекеттердин портторунда интернирацияланган кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрүнүн ичинен болгон согуштун ардагерлерине берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Жогоруда аталган категориядагы жумушчулардын ичинен болгон согуш ардагерлерине төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
2. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Иштеген мезгилинде өздөрү көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
4. Санаторийлерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга жолдомолор менен камсыз болууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
5. I-II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда башка турак жай бөлмөсүн алууга укуктуу.
6. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Багбанчылык шериктештигине (кооперативге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.
11. Квартирасына телефон койдурууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
12. Турмуш тиричилик кызматынын, соода, коомдук тамак-аш ишканалары жана уюмдары тарабынан жеңилдик берүүчү шарттарда тейленет. Маданий-агартуу мекемелерине барган учурда жеңилдик берилет.
13. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам бөлүмдөрү тарабынан үйдөн тейлөөгө кезексиз кабыл алынууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар

1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган адамдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн социалдык кепилдиктерден пайдаланышат.
(КР 2006-жылдын 17-январы N 6, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жерлердин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын өнөктөштөрү тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап кармоочу жерлердин жашы жетпеген туткундары ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн социалдык кепилдиктерден пайдаланышат.

23-статья. 1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989-жылдын декабрына чейинки мезгилде Афганистанга жана башка согуш аракеттери жүргүзүлгөн өлкөлөргө жиберилген жумушчуларга жана кызматчыларга берилүүчү социалдык гарантиялар

1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989-жылдын декабрына чейинки мезгилде Афганистанга жана башка согуш аракеттери жүргүзүлгөн өлкөлөргө жиберилген жумушчуларга жана кызматчыларга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Иштеген мезгилинде өздөрү көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда пайдаланат.
2. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз кылууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. I жана II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда алар башка турак жай бөлмөсүн алууга укуктуу.
4. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жеңилдик берүүчү шарттарда ссуда алууга укуктуу.
5. Багбанчылык шериктештиктерге (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
6. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу мезгилде пайдаланат.
7. Квартирасына телефон койдурууда артыкчылык укугунан пайдаланат.

24-статья. СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана советтик аскерлердин чектелген контингентине кирбеген кызматкерлерине жана кызматчыларына берилүүчү социалдык гарантиялар

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана советтик аскерлердин чектелген контингентине кирбеген кызматкерлерине жана кызматчыларына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
2. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. Турак жай аянты менен биринчи кезекте камсыз кылынат, ал эми жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же согуш аракеттеринде алынган оорунун натыйжасында же болбосо аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруу учурунда I топтогу майып болуп калгандар - турак жай аянты менен кезексиз камсыз кылынат.
4. I жана II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда башка турак жай бөлмөлөрү берилет.
5. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кабыл алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
7. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.
8. Жогорку жана орто атайын окуу жайларына конкурстан тышкары өтөт жана кесиптик билим берүү окуу жайларына жана тиешелүү кесиптерге үйрөтүү үчүн курстарга өтүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.

25-статья. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө берилүүчү социалдык гарантиялар

Курман болгон (дайынсыз жок болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Курман болгон жоокерлердин ата-энесине жана экинчи никеге турбаган жесирлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамын майрамдоого карата эсептешүү көрсөткүчүнүн 2 өлчөмүндө жыл сайын пособие төлөнөт.
1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Курман болгон жоокерлердин ата-энесинен жана экинчи никеге турбаган жесирлерден мурастын абалынын суммасына карабастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги үчүн мамлекеттик акчалай жыйым 5 сом өлчөмүндө алынат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
5. Пенсияга чыккан учурда алар мурда иштеген мезгилде көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарын пайдаланат.
6. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
7. Афганистанда интернационалдык парызын аткаруу учурунда алган жаракатынын, контузиясынын, мертинүүнүн же оорунун натыйжасында курман болгон же болбосо өлгөн аскер кызматчыларынын аялдары, же болбосо ушул аскер кызматчыларынын балдарын багып жаткан башка адамдар иштеген жери боюнча эс алуу үйлөрүнө жана пансионаттарга балдар менен чогуу эс алуу үчүн жолдомолорду алууга, ошондой эле аталган аскер кызматчыларынын балдары үчүн балдарды дарылоо мекемелерине жолдомолорду алууга болгон артыкчылык укугунан пайдаланышат.
8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондор биринчи кезекте турак жай аянты менен камсыз кылынат.
9. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, курман болгон жоокерлердин экинчи никеге турбаган жесирлери ошого барабар башка турак жай аянтын бербестен туруп алар ээлеп турган кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн сот тартибинде чыгарылышы мүмкүн эмес.
10. Мамлекеттик жана коомдук турак жай фондуларынын үйлөрүндөгү өздөрү ээлеп турган турак үйлөрдү жана квартираларды жеке менчикке акысыз алышат.
11. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Турак жай-курулуш кооперативине кирүүгө артыкчылык (биринчи кезекте) укугу берилет.
14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. Биринчи кезектеги тартипте өзүмдүк турак жай куруу жана үйдү (квартираны) капиталдык оңдоо үчүн жергиликтүү курулуш материалдарын сатып алууга укуктуу.
16. Өзүмдүк үйлөрдү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоого укуктуу.
17. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү жана үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган жакын туугандары (бирок зарыл учурда аларды коштоочу адамдарды кошуп алганда, эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Үй-бүлөсү жана жакын туугандары (аларды коштоочу адам), эгерде алар жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу.
Аскер кызматчысы каза болгон учурда анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары (бирок үч кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө, ошондой эле үй-бүлөсү тандап алган жаңы жашай турган жерине барууга (аскер кызматчысы каза болгон күндөн тартып алты айдын ичинде) укуктуу.
22. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.
23. Курман болгон жоопкерлердин экинчи никеге турбаган жубайлары квартирасына кезексиз телефон койдурууга укуктуу.
24. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан үйүндө артыкчылык берүү менен тейленүүгө укуктуу.
(КР 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2021-жылдын 24-июнундагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын жана катышуучуларынын аялдарына (күйөөлөрүнө), Кыргыз Республикасынын Баатырларына, Советтер Союзунун Баатырларына жана бардык үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган адамдарга, ошондой эле каза болгон партизандардын аялдарына (күйөөлөрүнө) жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоо мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген адамдарга жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана "Курчоодо калган Ленинграддын жашоочусу" төш белгиси менен сыйланган, жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка себептерден улам (башка укукка каршы аракеттердин натыйжасында майыптыкка дуушар болгон адамдардан башкалар) майыптар деп табылган жана башка никеге турбаган адамдарга социалдык гарантиялар жана компенсациялар
Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө белгиленет.
(КР КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү жеңилдиктер
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
III Глава Корутунду жоболор
28-статья. Ардагерлердин бирикмелеринин жана уюмдарынын укуктары
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ардагерлердин мыйзамдуу таламын жана алардын укуктарын коргоо үчүн ардагерлердин коомдук мекемелери жана уюмдары түзүлөт.
Ардагерлердин коомдук бирикмелери жана уюмдары мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, ардагерлерди социалдык жактан коргоого багытталган чечимдерин иштеп чыгууга катышат, мамлекеттик жана коомдук уюмдардагы алардын мыйзамдуу укуктарын жана башка таламдарын коргойт, Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзамдарында жана башка мыйзам актыларында жана нормативдик актыларда жана бул бирикмелердин уставында каралган башка полномочиелерди жүзөгө ашырат.
29-статья. Ардагерлердин бирикмелери менен уюмдарынын ишинин гарантиялары
Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары ардагерлердин коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын ишине ар тараптан көмөк көрсөтөт, аларга иштеш үчүн жабдылган жайларды, керектүү информацияны акысыз беришет жана финансылык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардамдын башка түрлөрүн көрсөтүшөт.
Ардагерлердин бирикмелеринин жана уюмдарынын ишинин маселелери боюнча чечимдер ардагерлердин уюмдарынын жетекчи органдарынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-статья. Ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ардагерлер жөнүндө эл аралык келишимдеринин катышы
Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде ардагерлер үчүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралгандан башка социалдык гарантиялар белгиленген учурда, эл аралык укуктун нормалары колдонулат.
(2-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-статья. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбагандык же талапка ылайык аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбагандык же талапка ылайык аткарбагандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
32-статья. Ардагерлердин укугунун сот тарабынан корголушу
Ардагерлер өздөрүнүн ушул Мыйзамда, ошондой эле башка мыйзамдарда жана башка нормативдик актыларда белгиленген социалдык гарантияларын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

33-статья. Ардагерлердин укугун ырастоочу документтер
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине социалдык гарантияларга кошумча маалымат камтылган белгилүү бир үлгүдөгү күбөлүк социалдык жактан коргоо органдары жана аскер комиссариаттары тарабынан алар туруктуу жашаган жер боюнча берилет.
Ардагерлердин социалдык гарантияларын ишке ашыруу ардагерлердин ар бир категориясы үчүн СССРдин Өкмөтү тарабынан 1992-жылдын 1-январына чейин, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген бирдей үлгүдөгү күбөлүк алар тарабынан көрсөтүлгөндө жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айдын ичинде өздөрүнүн укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
1996-жылдын 24-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын граждандарынын катышуусу менен согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин ТИЗМЕСИ

I Бөлүм
Граждандык согуш: 1918-жылдын 23-февралынан 1922-жылдын октябрына чейин;
Совет-поляк согушу: 1920-жылдын март-октябры;
Испаниядагы согуш аракеттери: 1936-1939-жылдар;
Финляндия менен согуш: 1939-жылдын 30-ноябрынан тартып 1940-жылдын 13-мартына чейин;
Улуу Ата Мекендик согуш: 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9(11)-майына чейин;
Япония менен согуш: 1945-жылдын 9-августунан 1945-жылдын 3-сентябрына чейин;
Басмачыларды жоюу боюнча согуш операциялары: 1922-жылдын октябрынан 1931-жылдын июнуна чейин;
Хасан көлүнүн районунун согуш аракеттери: 1938-жылдын 29-июлунан 11-августуна чейин;
Халхин-Гол дарыясындагы согуш аракеттери: 1939-жылдын 11-майынан 16-сентябрына чейин;
СССР, Батыш Украина жана Батыш Беларуссия кошулгандыгы жөнүндө согуш аракеттери: 1939-жылдын 17-сентябрынан 28-сентябрына чейин;
Кытайдагы согуш аракеттери: 1924-жылдын августунан тартып 1927-жылдын июлуна чейин; 1929-жылдын октябрь-ноябры; 1937-жылдын июлунан тартып 1944-жылдын сентябрына чейин; 1945-жылдын июль-сентябры; 1946-жылдын мартынан тартып 1949-жылдын апрелине чейин; 1950-жылдын март-май айлары (ПВО аскерлеринин тобунун өздүк составы үчүн); 1950-жылдын июнунан тартып 1953-жылдын июлуна чейин (Кытайдын аймагынан туруп Түндүк Кореядагы согуш аракеттерине катышкан аскер подразделениелеринин өздүк составы үчүн);
Даманск аралындагы согуш аракеттери: 1969-жылдын марты;
Жаланашколдогу согуш аракеттери: 1969-жылдын августу;
II Бөлүм
Одесса шаарын коргоо: 1941-жылдын 10-августунан 16-октябрына чейин;
Ленинград шаарын коргоо: 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин;
Севастополь шаарын коргоо: 1941-жылдын 5-ноябрынан 1942-жылдын 4-июлуна чейин;
Сталинград шаарын коргоо: 1942-жылдын 12-июлунан 19-ноябрына чейин;
I жана II бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн мамлекеттерде (аймактарда) согуштарга жана согуш аракеттерине жана аталган бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн шаарларды коргоого катышкан адамдарга "Согуш, Куралдуу Күчтөрдүн ветерандары жана тылдын эмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын 1, 3, 5-пункттарында айтылгандар жайылтылат.
III Бөлүм
Алжирдеги согуш аракеттери: 1962-1964-жылдар;
Египеттеги согуш аракеттери (Бириккен Араб Республикасы); 1962-жылдын октрябрынан тартып 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын июну; 1968-жыл; 1969-жылдын мартынан тартып 1972-жылдын июлуна чейин; 1973-жылдын октябрынан тартып 1974-жылдын мартына чейин; 1974-жылдын июнунан тартып 1975-жылдын февралына чейин (Суэцк каналынын зонасын минадан тазалоого катышкан Кара деңиз жана Тынч океан флотторунун тральщиктеринин өздүк составы үчүн);
Йемен Араб Республикасындагы согуш аракеттери: 1962-жылдын октябрынан 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын ноябрынан 1969-жылдын декабрына чейин;
Вьетнамдагы согуш аракеттери: 1961-жылдын январынан тартып 1974-жылдын декабрына чейин;
Сириядагы согуш аракеттери: 1967-жылдын июну; 1970-жылдын март-июлу; 1972-жылдын сентябрь-ноябры; 1973-жылдын октябры;
Анголадагы согуш аракеттери: 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;
Мозамбиктеги согуш аракеттери: 1967-1969-жылдар; 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;
Эфиопиядагы согуш аракеттери: 1977-жылдын декабрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;
Афганистандагы согуш аракеттери: 1978-жылдын апрелинен тартып 1989-жылдын 15-февралына чейин;
Камбоджадагы согуш аракеттери: 1970-жылдын апрель-декабры;
Бангладештеги согуш аракеттери: 1972-1973-жылдар (СССР Аскер-Деңиз Флотунун кораблдеринин жана көмөкчү кемелеринин өздүк составы үчүн);
Лаостогу согуш аракеттери: 1960-жылдын январынан тартып 1963-жылдын декабрына чейин; 1964-жылдын августунан тартып 1968-жылдын ноябрына чейин; 1969-жылдын ноябрынан тартып 1970-жылдын декабрына чейин;
Сириядагы жана Ливандагы согуш аракеттери: 1982-жылдын июну;
Венгриядагы согуш аракеттери: 1956-жыл.
III бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттерде (аймактарда) согуш аракеттерине катышкандарга "Согуш, Куралдуу Күчтөрдүн ветерандары жана тылдын эмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын 2, 4, 5-пункттарында айтылгандар жайылтылат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 8-майы № 14
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 1998-жылдын 10-январындагы N 3, 1998-жылдын 29-майындагы N 68, 2001-жылдын 14-ноябрындагы N 91, 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2006-жылдын 8-декабрындагы N 204, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2012-жылдын 25-июлундагы N 131, 2021-жылдын 24-июнундагы N 74 , 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын укуктук, уюштуруу, экономикалык негиздерин аныктайт, ардагерлердин коомдогу татыктуу жашоосун, активдүү ишин, сыйланышын жана кадырланышын камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында ардагерлердин статусун белгилейт.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарактуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдарга таркатылат.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ардагерлер жөнүндө мыйзамдар
Согуштун Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана орук эмгекчилери жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аларды социалдык жактан коргоого багытталган башка мыйзам актыларынан турат.
2-статья. Ардагерлердин укуктук жана социалдык статусунун негиздери
Ардагерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка мыйзам актыларында жана нормативдик актыларда бекемделген социалдык-саясий жана жеке укуктарга жана эркиндиктерге толук ээ болушат. Мында мамлекет ардагерлерге укуктарды, компенсацияларды жана артыкчылыктарды берүү түрүндө социалдык жактан кошумча коргоону гарантиялайт, алар ар кандай жагдайларда жоюлушу же ошого тете компенсациясыз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Согуштун ардагерлери
Согуш ардагерлерине:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары:
- граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштардын мезгилинде, ошондой эле СССРди коргоо боюнча башка согуш операцияларынын убагында согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдарда жана мекемелерде кызмат өтөшкөн аскер кызматчылары, граждандык жана Улуу Ата мекендик согуш убагында убактылуу оккупацияланган аймактарда аракет кылган партизандар жана подполдук уюмдардын мүчөлөрү;
- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде шаарды коргоого катышкандыгы, согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген жеңилдик берүүчү шарттарда иш мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча пенсия дайындоого кире турган шаарларда кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, анын ичинде запаска (отставкага) бошотулгандар, ошондой эле ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдарда жана мекемелерде штаттык кызматты ээлеген армиянын жана флоттун, аскерлердин жана ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын курамында эркин жалданып иштеген адамдар же болбосо тиешелүү мезгилдерде шаарды коргоого катышкандыгы, согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген жеңилдик берүүчү шарттарда иш мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча пенсия дайындоого кире турган шаарларда болгон адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында душмандын оругунда же башка мамлекеттин аймагында согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүндө атайын тапшырмаларды аткарышкан чалгындоо, контрчалгындоо кызматкерлери жана башка адамдар;
- дүйнөлүк экинчи согуштун мезгилинде башка мамлекеттердин аймактарында партизандык отряддардын, подполдук топтордун, башка антифашисттик кошуналардын курамында фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы согуш аракеттерине катышкан адамдар;
- 1944-жылдын 1-январынан 1945-жылдын 9-майына чейин СССРдин аймагында мамлекеттик согуштук тапшырмаларды аткаруу учурунда согуштук операцияларга катышкан аскер кызматчылары, анын ичинде ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруу жана катардагы курамындагы запаска (отставкага) бошотулган адамдар, жок кылуучу батальондордун, жана элди коргоо взводдорунун жоокерлери жана командалык курамы;
- 1941-жылдын 22-июнунан тартып 1945-жылдын 3-сентябрына чейинки мезгилде согушуп жаткан армиянын курамына кирбеген чек ара жана аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде, аскердик окуу жайларында аскердик кызмат өтөгөн, анын ичинде запаска (отставкага) бошотулган аскер кызматчылары;
- Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде Кызыл Армиянын катарында турган адамдардын абалына келтирилген жана армия менен флоттун таламдарында согуш фронтторунун оруктук чек араларында же согушуп жаткан флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган ишканалардын жана согуш объектилеринин, эл комиссариаттарынын, ведомстволордун кызматкерлери, ошондой эле мекемелердин жана уюмдардын (анын ичинде маданият жана искусство мекемелеринин жана уюмдарынын) Ата мекендик согуш жылдарында согушуп жаткан армияга иш сапарына жиберилген кызматкерлери, борбордук газеталардын, журналдардын, ТАССтын, Совинформбюронун жана радионун кабарчылары, документалдуу фильмдердин (кинохроника) борбордук студиясынын кинооператорлору;
- Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде согушуп жаткан армиянын жана флоттун курамына кирген аскердик бөлүктөрдө, штабдарда жана мекемелердин курамында болгон полктун уулдары (тарбиялануучулары) жана юнга катары болгон адамдар таандык кылынат.
2. Согуштун майыптары:
- граждандык жана Улуу Ата мекендик согушта согушуп жаткан армиянын аскер кызматчысынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн катарында болгон адамдар, ошондой эле граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде фронтто, согуш жүргөн райондо, согушка жакын темир жолдордо, коргонуу чегиндеги курулуштарда, аскер-деңиз базаларында жана аэродромдордо алынган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча согушуп жаткан армиянын аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына теңештирилген адамдар;
- СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин башка мезгилдерде аткарууда, ошондой эле Афганистанда, же согуш аракеттери болуп жаткан башка өлкөлөрдө аскер кызматын өтөө учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары;
- СССРдин ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын согуш аракеттери болуп жаткан мамлекеттерде аскер кызматын аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
- 1944-жылдын 1-январынан 1951-жылдын 31-декабрына чейин Украин ССРинин, Белорус ССРинин, Литва ССРинин, Латвия ССРинин, Эстон ССРинин аймактарында аракеттенген, аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, жок кылуучу батальондордун жана элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын жоокерлери жана командалык адамдар;
- башка өлкөлөрдө согушкан аскердик контингенттерди тейлеген жана аларда согуштук аракеттер жүргөн мезгилде жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар.
3. Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар.
4. Башка өлкөлөрдүн аймактарындагы согуш аракеттерине катышкандар:
- СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар (согуштук адистер жана кеңешчилерди кошкондо);
- согуштук аракеттеринин учурунда Афганистанга жүктөрдү жеткирүү үчүн жиберилген автомобилдик батальондордун аскер кызматчылары;
- согуш аракеттеринин учурунда аскердик жыйынга чакырылган жана Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр;
- СССРдин аймагынан Афганистанга аскердик тапшырма боюнча учууну аткарган учкучтардын курамындагы аскер кызматчылары;
- Афганистандагы советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар.
Кыргыз Республикасынын граждандары катышкан согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана алар болгон мезгилдердин тизмеси ушул Мыйзамдын тиркемесинде келтирилет.
41. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
5. Адамдардын башка категориялары:
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында оруктагы кайратман эмгеги жана аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандар;
- Жол катнаш эл комиссариатынын, Байланыш эл комиссариатынын, СССРдин Балык өнөр жай эл комиссариатынын балык уулоочу жана транспорттук кемелеринин сууда сүзгөн курамынын жана авиациянын учуп-конуу курамынын, деңиз жана дарыя флотунун, Башкы түндүк деңиз жолунун авиациясынын учуп-конуу курамынын Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде аскер кызматкерлеринин абалына өткөрүлгөн жана согушуп жаткан армиянын жана флоттун таламдарында согушуп жаткан фронттордун, флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган жумушчулар, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун башталышында башка мамлекеттердин портторунда интернирацияланган кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрү;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундар;
- 1979-жылдын 1-декабрынан 1989-жылдын декабрына чейин Афганистанга жана согуштук аракеттер жүрүп жаткан башка өлкөлөргө жумушка жиберилген жумушчулар жана кызматчылар;
- Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана Советтик Армиянын чектелген контингентинин курамына кирбеген СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин жумушчулары жана кызматчылары.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын, өлгөн майыптардын, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майып деп табылган катышуучуларынын үй-бүлөлөрү
1. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө:
- аскер кызматчыларынын, партизандардын, подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн жана курман болгон (дайынсыз жоголгон) же СССРди коргоо учурунда же аскер кызматынын башка милдеттерин аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрү;
- Улуу Ата мекендик согушта жергиликтүү абадан коргонуунун объектилердеги жана авариялык командалардын тобунун өздүк курамында жүрүп өлгөндөрдүн, Ленинград шаарындагы госпиталдардын жана ооруканалардын өлгөн кызматчыларынын үй-бүлөлөрү;
- өзгөчө кырдаалдагы коомго жат көрүнүштөр менен байланыштуу болгон коомдук тартипти сактоо милдеттерин аткаруу мезгилинде курман болгон (өлгөн) Коргоо министрлигинин, ички иштер жана СССРдин мамлекеттик коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларынын, аскерге милдеттүүлөрдүн жыйынына чакырылган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдардын үй-бүлөлөрү;
- Афганистандагы жана башка согуш аракеттери жүргөн мамлекеттерде курман болгон же жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн, дартка чалдыгуунун натыйжасында өлгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү.
Жогоруда көрсөтүлгөн курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын, партизандардын жана башка адамдардын үй-бүлөлөрүнө:
- алган пенсиясынын түрүнө карабастан, экинчи ирет никеге турбаган, курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын аялы (күйөөсү);
- курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын ата-энеси.
2. Улуу Ата мекендик согуштун өлгөн майыптарынын жана аларга теңештирилген майыптардын, ошондой эле өлүп калган согуштун катышуучуларынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Улуу Ата мекендик согуштун өлгөн майыптарынын жана аларга теңештирилген майыптардын экинчи жолу никеге турбаган аялдары (күйөөлөрү), ошондой эле өлүп калган согуштун катышуучуларынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген адамдардын жана "За оборону Ленинграда" медалы менен жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдардын, жалпы оорунун, эмгектик мертинүүнүн жана башка себептердин натыйжасында майып деп табылган (укукка жат аракеттердин натыйжасында майып болуп калган адамдардан башка) аялдары (күйөөлөрү) таандык кылынат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери
Куралдуу Күчтөрдүн жана коопсуздук комитетинин органдарынын, ички жана темир жол аскерлеринин жана башка аскер курамдарынын жоокерлери, ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы жана иш мөөнөтүн аяктагандыгы үчүн пенсия алууга укугу барлар, анын ичинде запаска (отставкага) бошогондор, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууга байланыштуу жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн жана дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болгон адамдар Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине таандык кылынат.
6-статья. Граждандардын айрым категорияларына ардагер статусунун жайылтылбай тургандыгы жөнүндө
Согуш ардагеринин статусу ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн, согуш аракеттери жүргүзүлүп жаткан учурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга; дисциплинардык жоруктары үчүн согуш аракеттери жүргүзүлүп жаткан өлкөлөрдөгү аскердик бөлүктөрдөн жана мекемелерден мөөнөтүнөн мурда кайра жиберилген адамдарга, ошондой эле мунапыс же кечирим берүү боюнча уголовный жоопкерчиликтен жана жазадан бошотулган адамдарга карата жайылтылбайт.
Куралдуу Күчтөр ардагеринин статусу ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон же аскердик (атайын) наамга шек келтирген жоруктарды жасагандыгы үчүн аскер кызматынан (ички иштер органдарынан) бошотулган адамдарга карата жайылтылбайт.
Көрсөтүлгөн адамдар административдик же сот тартибинде акталгандан кийин ардагер деп таанылышы мүмкүн.
7-статья. Ардагерлерге карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
Ардагерлерге карата мамлекеттик саясат:
- ардагерлердин укуктук жана социалдык гарантияларын камсыз кылган максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү;
- ардагерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык гарантияларды камсыз кылуучу иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды бөлүп берүүнү;
- массалык маалымат каражаттары аркылуу аскер кызматында ак ниет жана узак мөөнөт кызмат кылуунун, үзүрлүү жана каарман эмгектин, мамлекеттин кызыкчылыгын, граждандардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоодогу, интернационалдык парзды аткаруу учурундагы эрдиги жана эмгектик жетишкендиктери үчүн берилген мамлекеттик сыйлыктардын артыкчылыгын максаттуу чагылдырууну карайт.
8-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо
Ушул Мыйзам тарабынан берилген социалдык гарантияларды жана компенсацияларды жүзөгө ашырууга жумшалуучу чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жумшалат; көрсөтүлгөн чыгымдарды ордун толуктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
Ушул Мыйзамда белгиленген ардагерлерди социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо үчүн кошумча каражаттар белгиленген тартипте мыйзамда тыюу салынбаган кандай гана болбосун булактардан алынышы мүмкүн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерге кошумча белгиленген социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.
Социалдык гарантиялар жана компенсациялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте берилет.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоо программасын аткаруудагы жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын компетенциясы
Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялар, шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерди социалдык жактан коргоонун максаттуу программалары иштелип чыгат, аларда эмгекке жарамсыз жалгыз бой ардагерлерге, курман болгон жана дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, согуштун майыптарына өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле ардагерлерге берилген бардык укуктар, социалдык гарантиялар жана артыкчылыктар ишке ашырылат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Эмгектенүүнү улантуу
Ардагерлер пенсия алуу менен бирге, өзү мурда иштеген ишканада, уюмда, мекемеде, же болбосо менчигинин түрүнө карабастан башка ишканада иштөөгө, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ээлик кылуу ишин жүргүзүүгө, чарба жүргүзүүнүн кандай гана болбосун түрүндөгү ишкананы түзүүгө укуктуу.
Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, ардагерлердин эмгектик, ээлик кылуу жана башка коомдук-пайдалуу ишин чектөөгө жол берилбейт.
11-статья. Ардагердик уюмдардын өндүрүштүк ишинин гарантиялары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин каражаттарынан согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңешине колдоо көрсөтөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ардагердик уюмдарга финансылык колдоо көрсөтөт, тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен субсидияларды берет, алардын уставдык милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттарды жана бөлмөлөрдү, жабдууларды жана башка мүлктү акысыз берет.
(КР 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2012-жылдын 25-июлундагы N 131, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Ардагерлерге карата эмгек жамааттарынын милдеттери жана укуктары
Эмгек жамааттары иштеген ардагер-пенсионерлерге жана интернационалист-жоокерлерге карата гумандуу шарттарды түзүүгө, муктаждыктарын жана сунуш-талаптарын канааттандыруу боюнча ар тараптан жардам берүүгө милдеттүү.
II Глава Ардагерлерди социалдык жактан коргоо
13-статья. Ардагерлерди социалдык жактан коргоонун мазмуну
Мамлекет ардагерлерге экономикалык жана социалдык жыргалчылыкты гарантиялайт, аларга:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыздоо, салык төлөө жана пособиени берүү боюнча;
- медициналык, протездик-ортопедиялык тейлөө;
- турак жайды алуу, сатып алуу, куруу жана күтүү боюнча;
- соода жагынан тейлөө боюнча;
- (Алтынчы абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- жумушка орноштуруу, окутуу жана кайрадан даярдоо жана эмгек шарттары боюнча;
- байланыш, маданий, оюн-зоок, спорттук-саламаттыкты чыңдоо мекемелеринин кызматынан пайдалануу боюнча;
- социалдык тейлөө жана социалдык жана юридикалык жардам берүүдөн пайдалануу боюнча социалдык гарантиялар жана компенсациялар берүү менен алардын коомдук турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө активдүү катышуусун камсыз кылат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Улуу Мекендик согуштун катышуучуларына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Улуу Ата мекендик согуштун жеңиш күнүн белгилөө майрамына карата жылына бир жолу берилүүчү 4 эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие берилет.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Убактылуу эмгекке жараксыз болгондуктун натыйжасында 100 процент эмгек акынын өлчөмүндө пособие берилет.
3. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Мурастоонун суммасынын абалына карабастан мурастоо жөнүндө укуктуулукка күбөлүк берүүдө 5 сомдун өлчөмүндө гана мамлекеттик акчалай жыйым.
5. Дарылоо-профилактикалык уюмдарда кезексиз акысыз медициналык жардамдан пайдаланат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
7. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
8. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай, пенсияга чыккан учурда өздөрү иштеп жүргөн кезде бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пайдаланат.
9. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Ысык-Көл курорттук зоналарына акысыз барышат.
11. Мамлекеттик коомдук жана ведомстволук турак жай фондусундагы үйлөрдөн биринчи кезекте турак жай бөлмөлөрү берилет же турак жай шарты жакшыртылат.
Турак жайдан, ошого тете турак жай менен камсыз кылбай туруп чыгарууга тыюу салынат.
12. Мамлекеттик жана коомдук турак жай фондусундагы ээлеген турак үйлөрдү жана квартираларды акысыз жеке менчигине ала алат.
13. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14. Өзүмдүк үй курууга процентсиз ссуда берилет.
15. Турак жай курулуш кооперативдеринин үйлөрүн куруу үчүн жеңилдетилген шартта ссуда алууга укуктуу.
16. Багбанчылык шериктештигине (кооперативине) кирүүдө артыкчылык укукка ээ болот.
17. Багбанчылык шериктештигинин мүчөсү катарында багбанчылык үйүн сатып алууга, курууга жана багбанчылык участокторун көрктөндүрүү үчүн жеңилдетилген шартта ссуда алууга укуктуу.
18. Өзүмдүк үй курууга жана үйүн (квартирасын) капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн курулуш материалдарын акы төлөп алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23. Иштеп жаткан согуштун катышуучулары жыл сайын өзүнө ыңгайлуу мезгилде өргүүгө чыгат, ошондой эле жылына эмгек акысын сактабастан эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
24. Бардык түрдөгү байланыш кызматынан кезексиз пайдаланат.
25. Квартирасына кезексиз телефон койдурууга укуктуу.
26. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27. Спорттук-саламаттыкты жакшыртуу комплексине жана ден соолук чыңдоо тобуна акысыз катышат жана пайдаланат.
28. Турмуш-тиричилик, соода, коомдук тамактануу мекемелеринин жана ишканаларынын кызматын жеңилдетилген шартта пайдаланат. Театралдык оюн-зоок иш-чараларына жеңилдетилген шартта катышат.
29. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн үйдө тейлөөсүнөн кезексиз пайдаланууга укуктуу.
30. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу өлгөн учурда аны аскердик сый көрсөтүү менен көмүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле өлгөн (курман болгон) адамдар иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жеңилдик берүүчү шарттарда жүргүзүлөт.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 1998-жылдын 10-январындагы N 3, 1998-жылдын 29-майындагы N 68, 2001-жылдын 14-ноябрындагы N 91, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2006-жылдын 8-декабрындагы N 204, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:
1. Улуу Ата мекендик согуштун Жеңишин майрамдоого карата жыл сайын 6 эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие төлөнөт.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Убактылуу жумушка жараксыздыгы боюнча 100 процент эмгек акысы төлөнөт.
I-II топтогу майыптарга өргүүгө чыгуу кезексиз жана толугу менен берилбей калган учурда санаторийде дарылануу жана кайра келүү үчүн зарыл болгон күндөрдүн санына жараша дарылоо баракчаларын берүүгө уруксат берилет жана жолдомо ким тарабынан жана кимдин эсебинен берилгендигине карабастан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөнүп берилет.
3. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Мурастоонун суммасынын абалына карабастан мурастоо жөнүндө укуктуулукка күбөлүк берүүдө 5 сом өлчөмүндө гана мамлекеттик акчалай жыйым алынат.
5. Медициналык жардамды мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде кезексиз акысыз алат.
6. Баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарында артыкчылык берүү менен тейленет жана ооруканага кезексиз жаткырылат.
7. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
8. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
9. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай, иштеген мезгилинде бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
10. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Ысык-Көлдүн курорттук зонасына акысыз барат.
12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
28. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
29. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
30. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
31. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32. Иштеп жаткан согуштун майыптары жыл сайын өзүнө ыңгайлуу учурда өргүүгө чыгат, ошондой эле эмгек акысын сактабастан жылына бир айга чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
33. Чөп чабуу участокторун жана малы үчүн жайытты биринчи кезекте алат.
34. Байланыш кызматынын бардык түрлөрүнөн кезексиз пайдаланат.
35. Квартирага жана кезексиз телефон койдурууга укуктуу.
36. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
37. Спорттук-саламаттык жакшыртуу комплексинен акысыз пайдаланат жана ден соолук тобуна акысыз катышат.
38. Турмуш-тиричилик, соода, коомдук тамактануу мекемелер жана ишканалар жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтөт.
39. Театралдык оюн-зоок иш-чараларына акысыз барышат.
40. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан үйдөн кезексиз тейленүүгө укуктуу.
41. Согуштун майыбы өлгөн учурда аны аскердик сый көрсөтүү менен коюу жеңилдик берилүүчү шарттарда жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле өлгөн (курман болгон) адамдар иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Согуш ардагерлеринин госпиталын жоюуга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана жол берилет.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 1998-жылдын 10-январындагы N 3, 1998-жылдын 29-майындагы N 68, 2001-жылдын 14-ноябрындагы N 91, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2006-жылдын 8-декабрындагы N 204, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Советтер Союзунун Баатырларына жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандарга социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Советтер Союзунун Баатырларына жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган адамдарга согуштун катышуучуларына белгиленген социалдык гарантиялардан жана компенсациялардан тышкары кошумча түрдө төмөндөгүлөр берилет:
1. Турак жай аянтына бир өлчөмдө төлөнүүчү 20 чарчы метр өлчөмүндө кошумча аянт алуу укугу берилет.
2. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары, Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган адамдарды аскердик сый көрсөтүү менен көмүү жана алардын көрүстөндөрүнө эстелик орнотуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Башка мамлекеттин аймактарында согуш аракеттерине катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошо алганда, ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар - 15-статьяда каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат.
Жогоруда көрсөтүлүп кеткен адамдарга 14 жана 15-статьяларда белгиленген социалдык гарантиялардан тышкары кошумча түрдө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Жогорку жана атайын окуу жайларына конкурстан сырткары кирет жана кесиптик-техникалык окуу жайларына жана ылайыктуу кесиптик курстарга кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. Жаңы кесипти өздөштүрүү (жаңы жумуш ордун даярдоо) мезгилинин бардык убактысына жумушчунун тарифтик ставкасынын 100 проценти өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.
4. Экинчи кесипке даярдоо, окутуу жана квалификациясын жогорулатууга жумуштан ажыратып окутуунун бүткүл мезгилинде өзүнүн кесиби жана квалификациясы боюнча орточо айлык акысын сактап калууга укуктуу.
5. Согуш аракеттерине катышуу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болгондор жана мамлекеттин толук камсыздоосунда болгон адамдар жогорулатылган өлчөмдө стипендия алууга укуктуу.
II. Үйрөтүү жыйынына чакырылган жана Афганистанга жөнөтүлгөн аскерге милдеттүүлөр жана согуш жүрүп жатканда Афганистанга жүктү жеткирүү иштерин аткарган автомобиль батальондорунун аскер кызматчылары үчүн төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
2. Иштеген жери аркылуу санаторий, профилакторий жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо алууга артыкчылык укугуна ээ болот.
3. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугуна ээ болот.
4. Турак жай менен биринчи кезекте камсыз кылынат.
5. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жана турак жай курулуш кооперативдеринин үйүн куруу үчүн жеңилдетилген ссуда алууга укуктуу.
6. Жыл сайын өзүнө ыңгайлуу мезгилде өргүүгө чыгат, ошондой эле эмгек акысын сактабастан жылына эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
7. Жогорку жана атайын орто окуу жайларына конкурстан сырткары кирет жана кесиптик-техникалык окуу жайларына ылайыктуу кесиптик курстарга кирүүгө артыкчылык укугунан пайдаланат.
8. Бирикмелерде, ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде өндүрүштүк-экономикалык окутуу мезгилинде:
- жаңы кесипти үйрөнүү учурунда (жаңы жумуш ордун даярдоодо) жумушчунун тарифтик ставкасынын 100 проценти;
- экинчи кесипке даярдоо, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу учурунда жумуштан ажыратуу менен окутуунун бүткүл мезгилинде кесиби жана квалификациясы боюнча орточо айлык акысы сакталат.
III. Афганистандагы советтик аскер контингентин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуш аракеттерин камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар үчүн төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Иштеген мезгилиндеги бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
2. Иштеген жери боюнча санаторий, профилакторий жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. Өзүмдүк турак жай курулушуна жеңилдетилген ссуда алууга укуктуу.
4. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
5. Жыл сайын өзүнө ыңгайлуу мезгилде өргүүгө чыгууну пайдаланат, ошондой эле жылына эмгек акысын сактабастан эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
6. Бирикмелерде, ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде өндүрүштүк-экономикалык окутуу мезгилинде:
- жаңы кесипти үйрөнүү учурунда (жаңы жумуш ордун даярдоодо) жумушчунун тарифтик ставкасынын 100 проценти;
- экинчи кесипке даярдоо, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу учурунда жумуштан ажыратуу менен окутуунун бүткүл мезгилинде кесиби жана квалификациясы боюнча орточо айлык акысы сакталат.
7. Согуш аракеттеринин учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жогорку окуу жайларынын студенттери, атайын орто окуу жайларынын, ошондой эле кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучулары жогорулатылган стипендия алууга укуктуу.
8. Квартирага телефон орнотууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
171-статья. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына социалдык кепилдиктер
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө белгиленет.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында кайратман эмгеги жана орукта аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында кайратман эмгеги жана орукта аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Улуу Ата мекендик согуштун Жеңишин майрамдоого карата жыл сайын бир эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие төлөнөт.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Мурастоонун суммасынын абалына карабастан мурастоо жөнүндө укуктуулукка күбөлүк берүүдө 5 сом өлчөмүндө гана мамлекеттик акчалай жыйым алынат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
4. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай, иштеген мезгилиндеги бекитилген баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
5. Өзү ээлеп турган кызматтык бөлмөдөн чыгарылган учурда башка турак жай алууга укуктуу.
6. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Ээлеп турган турак жай бөлмөлөрүн оңдотууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
10. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу мезгилде пайдалануу, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын актабастан кошумча өргүүгө чыгууга укуктуу.
13. Квартирасына телефон койдурууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
14. Жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка себептерден улам майып деп таанылган оруктун эмгекчилерине компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик дарылоо профилактикалык мекемелерде акысыз медициналык жардам көрсөтүлсүн.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2006-жылдын 17-январындагы N 6, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-статья. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында мыйзамсыз түрдө күч менен жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга берилүүчү социалдык гарантиялар
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында мыйзамсыз түрдө күч менен жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн майрамдоого карата Жыл сайын эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө пособие төлөнөт.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. Мурастык абалдын суммасына карабастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк бергендиги үчүн мамлекеттик акчалай жыйымдын ставкасы 5 сом өлчөмүндө алынат.
3. Мамлекеттик дарылоо - алдын алуу мекемелеринде кезексиз жана акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
5. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
7. Пенсияга кайсы убакта чыкканына карабай пенсияга чыккан учурда өздөрү иштеп турган мезгилде көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарды пайдаланат.
8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Өзү ээлеп турган кызматтык бөлмөдөн чыгарылган учурда башка турак жай берилет.
10. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерине) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Ээлеп турган турак жай бөлмөлөрүн оңдотууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле эмгек акысын сактабастан жылына эки жумага чейинки мөөнөткө кошумча өргүүгө чыгат.
18. Квартирасына биринчи кезекте телефон койдурууга укуктуу.
19. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, аларда толук мамлекеттик камсыздандыруу менен дайындалган пенсиясынын кеминде 25 процентин сактоо менен жашоого укуктуу.
20. Актоого байланыштуу маселелер боюнча адвокаттардан акысыз кеңеш алууга укук берилет.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-статья. Жол катнаш эл комиссариатынын, Байланыш эл комиссариатынын, СССРдин Балык өнөр жай эл комиссариатынын балык уулоочу жана транспорттук кемелеринин сууда сүзгөн курамынын жана авиациянын учуп-конуу курамынын, деңиз жана дарыя флотунун, Башкы түндүк деңиз жолунун авиациясынын учуп-конуу курамынын Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде аскер кызматкерлеринин абалына өткөрүлгөн жана согушуп жаткан армиянын жана флоттун таламдарында согушуп жаткан фронттордун, флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган жумушчулардын ичинен, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында башка мамлекеттердин портторунда интернирацияланган кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрүнүн ичинен болгон согуштун ардагерлерине берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Жогоруда аталган категориядагы жумушчулардын ичинен болгон согуш ардагерлерине төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
2. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Иштеген мезгилинде өздөрү көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда да пайдаланат.
4. Санаторийлерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга жолдомолор менен камсыз болууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
5. I-II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда башка турак жай бөлмөсүн алууга укуктуу.
6. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Багбанчылык шериктештигине (кооперативге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
8. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.
11. Квартирасына телефон койдурууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
12. Турмуш тиричилик кызматынын, соода, коомдук тамак-аш ишканалары жана уюмдары тарабынан жеңилдик берүүчү шарттарда тейленет. Маданий-агартуу мекемелерине барган учурда жеңилдик берилет.
13. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам бөлүмдөрү тарабынан үйдөн тейлөөгө кезексиз кабыл алынууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргоо үчүн" медалы менен сыйланган адамдар жана "Блокададагы Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган адамдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн социалдык кепилдиктерден пайдаланышат.
(КР 2006-жылдын 17-январы N 6, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жерлердин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын өнөктөштөрү тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап кармоочу жерлердин жашы жетпеген туткундары ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн социалдык кепилдиктерден пайдаланышат.
(КР 2006-жылдын 17-январы N 6, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. 1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989-жылдын декабрына чейинки мезгилде Афганистанга жана башка согуш аракеттери жүргүзүлгөн өлкөлөргө жиберилген жумушчуларга жана кызматчыларга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989-жылдын декабрына чейинки мезгилде Афганистанга жана башка согуш аракеттери жүргүзүлгөн өлкөлөргө жиберилген жумушчуларга жана кызматчыларга төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Иштеген мезгилинде өздөрү көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдардан пенсияга чыкканда пайдаланат.
2. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз кылууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. I жана II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда алар башка турак жай бөлмөсүн алууга укуктуу.
4. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жеңилдик берүүчү шарттарда ссуда алууга укуктуу.
5. Багбанчылык шериктештиктерге (кооперативдерге) кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
6. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу мезгилде пайдаланат.
7. Квартирасына телефон койдурууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана советтик аскерлердин чектелген контингентине кирбеген кызматкерлерине жана кызматчыларына берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана советтик аскерлердин чектелген контингентине кирбеген кызматкерлерине жана кызматчыларына төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
2. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
3. Турак жай аянты менен биринчи кезекте камсыз кылынат, ал эми жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же согуш аракеттеринде алынган оорунун натыйжасында же болбосо аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруу учурунда I топтогу майып болуп калгандар - турак жай аянты менен кезексиз камсыз кылынат.
4. I жана II топтогу майып болуп калган адамдар кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн чыгарылган учурда башка турак жай бөлмөлөрү берилет.
5. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) кабыл алууда артыкчылык укугунан пайдаланат.
7. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.
8. Жогорку жана орто атайын окуу жайларына конкурстан тышкары өтөт жана кесиптик билим берүү окуу жайларына жана тиешелүү кесиптерге үйрөтүү үчүн курстарга өтүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-статья. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Курман болгон (дайынсыз жок болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет:
1. Курман болгон жоокерлердин ата-энесине жана экинчи никеге турбаган жесирлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамын майрамдоого карата эсептешүү көрсөткүчүнүн 2 өлчөмүндө жыл сайын пособие төлөнөт.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.
2. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Курман болгон жоокерлердин ата-энесинен жана экинчи никеге турбаган жесирлерден мурастын абалынын суммасына карабастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги үчүн мамлекеттик акчалай жыйым 5 сом өлчөмүндө алынат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.
5. Пенсияга чыккан учурда алар мурда иштеген мезгилде көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарын пайдаланат.
6. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат.
7. Афганистанда интернационалдык парызын аткаруу учурунда алган жаракатынын, контузиясынын, мертинүүнүн же оорунун натыйжасында курман болгон же болбосо өлгөн аскер кызматчыларынын аялдары, же болбосо ушул аскер кызматчыларынын балдарын багып жаткан башка адамдар иштеген жери боюнча эс алуу үйлөрүнө жана пансионаттарга балдар менен чогуу эс алуу үчүн жолдомолорду алууга, ошондой эле аталган аскер кызматчыларынын балдары үчүн балдарды дарылоо мекемелерине жолдомолорду алууга болгон артыкчылык укугунан пайдаланышат.
8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондор биринчи кезекте турак жай аянты менен камсыз кылынат.
9. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, курман болгон жоокерлердин экинчи никеге турбаган жесирлери ошого барабар башка турак жай аянтын бербестен туруп алар ээлеп турган кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн сот тартибинде чыгарылышы мүмкүн эмес.
10. Мамлекеттик жана коомдук турак жай фондуларынын үйлөрүндөгү өздөрү ээлеп турган турак үйлөрдү жана квартираларды жеке менчикке акысыз алышат.
11. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Турак жай-курулуш кооперативине кирүүгө артыкчылык (биринчи кезекте) укугу берилет.
14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. Биринчи кезектеги тартипте өзүмдүк турак жай куруу жана үйдү (квартираны) капиталдык оңдоо үчүн жергиликтүү курулуш материалдарын сатып алууга укуктуу.
16. Өзүмдүк үйлөрдү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоого укуктуу.
17. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү жана үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган жакын туугандары (бирок зарыл учурда аларды коштоочу адамдарды кошуп алганда, эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Үй-бүлөсү жана жакын туугандары (аларды коштоочу адам), эгерде алар жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу.
Аскер кызматчысы каза болгон учурда анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары (бирок үч кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө, ошондой эле үй-бүлөсү тандап алган жаңы жашай турган жерине барууга (аскер кызматчысы каза болгон күндөн тартып алты айдын ичинде) укуктуу.
22. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат.
23. Курман болгон жоопкерлердин экинчи никеге турбаган жубайлары квартирасына кезексиз телефон койдурууга укуктуу.
24. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан үйүндө артыкчылык берүү менен тейленүүгө укуктуу.
(КР 2006-жылдын 27-январындагы N 24, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2021-жылдын 24-июнундагы N 74, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын жана катышуучуларынын аялдарына (күйөөлөрүнө), Кыргыз Республикасынын Баатырларына, Советтер Союзунун Баатырларына жана бардык үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган адамдарга, ошондой эле каза болгон партизандардын аялдарына (күйөөлөрүнө) жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоо мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген адамдарга жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана "Курчоодо калган Ленинграддын жашоочусу" төш белгиси менен сыйланган, жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка себептерден улам (башка укукка каршы аракеттердин натыйжасында майыптыкка дуушар болгон адамдардан башкалар) майыптар деп табылган жана башка никеге турбаган адамдарга социалдык гарантиялар жана компенсациялар
Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө белгиленет.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-статья. Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү жеңилдиктер
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
III Глава Корутунду жоболор
28-статья. Ардагерлердин бирикмелеринин жана уюмдарынын укуктары
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ардагерлердин мыйзамдуу таламын жана алардын укуктарын коргоо үчүн ардагерлердин коомдук мекемелери жана уюмдары түзүлөт.
Ардагерлердин коомдук бирикмелери жана уюмдары мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, ардагерлерди социалдык жактан коргоого багытталган чечимдерин иштеп чыгууга катышат, мамлекеттик жана коомдук уюмдардагы алардын мыйзамдуу укуктарын жана башка таламдарын коргойт, Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзамдарында жана башка мыйзам актыларында жана нормативдик актыларда жана бул бирикмелердин уставында каралган башка полномочиелерди жүзөгө ашырат.
29-статья. Ардагерлердин бирикмелери менен уюмдарынын ишинин гарантиялары
Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары ардагерлердин коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын ишине ар тараптан көмөк көрсөтөт, аларга иштеш үчүн жабдылган жайларды, керектүү информацияны акысыз беришет жана финансылык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардамдын башка түрлөрүн көрсөтүшөт.
Ардагерлердин бирикмелеринин жана уюмдарынын ишинин маселелери боюнча чечимдер ардагерлердин уюмдарынын жетекчи органдарынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-статья. Ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ардагерлер жөнүндө эл аралык келишимдеринин катышы
Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде ардагерлер үчүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралгандан башка социалдык гарантиялар белгиленген учурда, эл аралык укуктун нормалары колдонулат.
(2-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-статья. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбагандык же талапка ылайык аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбагандык же талапка ылайык аткарбагандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
32-статья. Ардагерлердин укугунун сот тарабынан корголушу
Ардагерлер өздөрүнүн ушул Мыйзамда, ошондой эле башка мыйзамдарда жана башка нормативдик актыларда белгиленген социалдык гарантияларын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-статья. Ардагерлердин укугун ырастоочу документтер
Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине социалдык гарантияларга кошумча маалымат камтылган белгилүү бир үлгүдөгү күбөлүк социалдык жактан коргоо органдары жана аскер комиссариаттары тарабынан алар туруктуу жашаган жер боюнча берилет.
Ардагерлердин социалдык гарантияларын ишке ашыруу ардагерлердин ар бир категориясы үчүн СССРдин Өкмөтү тарабынан 1992-жылдын 1-январына чейин, же болбосо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бирдей үлгүдөгү күбөлүк алар тарабынан көрсөтүлгөндө жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
34-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айдын ичинде өздөрүнүн укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
1996-жылдын 24-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын граждандарынын катышуусу менен согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин ТИЗМЕСИ
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)