Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 27-майы ПЖ № 183
Республиканын финансы-экономикалык чөйрөсүнүн
кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен
сыйлоо жөнүндө
Республиканын финансы-экономикалык чөйрөсүнө сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти"
деген ардактуу наам берилсин:
Аденова Мария Сафаровнага - "Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директору;
Көчкүмбаева Тамара Шамшиевнага - Нарын облусунун Кочкор райондук финансы бөлүмүнүн башкы бухгалтери;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Баденов Бауржан Оспаналиевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик экономикалык өнүктүрүү фондунун директорунун орунбасары;
Ишалина Диляра Ясыровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармасынын начальниги;
Кочкоров Адыш - Жалалабат облустук финансы башкармасынын начальниги;
Шаршенова Токтобүбү Жолдошевна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат Башкармасынын бюджеттик пландаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Рец Татьяна Борисовна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат Башкармасынын начальниги;
Цой Ман-Су - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |