Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 27-майы ПЖ № 184
О.К.Бөрүкуловду, Т.И.Неронованы Кыргыз Республикасынын
Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын:
Бөрүкулов Осмонбай Каримбаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалалабат региондор аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын контролдук-инспекциялык кызматынын бөлүмүнүн начальниги;
Неронова Таисия Ивановна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык контроль Башкармасынын начальнигинин орунбасары.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |