Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 5-июну ПЖ № 192
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн
реформалоо жөнүндө
Өлкөнүн коргонуу кудуретин күчөтүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн аскердик жана экономикалык негиздүүлүккө ылайык реформалоо, ошондой эле алардын материалдык-техникалык жана кадрдык потенциалын чыңдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча Концепциянын долбоорун үч айлык мөөнөттө бекитүүгө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо 2010-жылга карата аяктай тургандыгы белгиленсин.
5. Бардык мамлекеттик органдар алдыга коюлган милдеттерди турмушка ашыруу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын ишинде ага көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы N 192 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо
боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Мамытов Токон Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
Бакиров Амангельды Сайдимаматович - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин катчысынын орунбасары;
Исмаилов Мурат Аманович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр;
Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кошоев Марат Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер бөлүмүнүн башчысы;
Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Калыев Бакытбек Төрөгулович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Ибраимов Эрмек Султанович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орунбасары;
Субанов Темиркан Усурканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары;
Алымкожоев Асанбек Тунгучпаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын колбашчысы;
Батырканов Ишембек Акенович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин колбашчысы;
Адашпасов Таалайбек Зулкарович - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын чегара контролу башкы башкармасынын зардалы.