Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 9-июну ПЖ № 196
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизүү
үчүн "Сулайман-Тоонун (Ыйык тоо) маданий ландшафты"
тарыхый-маданий музей комплексин мамлекеттик колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн "Сулайман-Тоонун (Ыйык тоо) маданий ландшафты" тарыхый-маданий музей комплексин мамлекеттик колдоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-маданий музей комплексин сактоо, коргоо жана башкаруу боюнча зарыл иш-чаралардын комплекси ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары Комитетинин сунуштарына ылайык жүргүзүлсүн, анын ичинде:
- Сулайман-Тоого асма жол салууга тыюу салынсын;
- мечиттер менен минареттерди курууда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары Комитетинин сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008-жылы Тарыхый-архитектуралык негизги планды, Ош шаарынын тарыхый борборун жана Ош облусунун Карасуу районунун аймагына жамаатташ аймактарды коргоо зонасын шаардын башкы планынын курамында иштеп чыгууну аяктасын жана эстеликтерди коргоо зонасынын чегарасын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары Комитетинин сунуштарын эске алуу менен бекитсин;
- 2010-жылга чейин Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча Мамлекеттик программасын иштеп чыксын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |