Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 336
Республиканын токой чарбасынын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген
кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Алышпаев Замир Үсөновичке | - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун токойчусу; |
Шабданбекова Гүлүйгө | - Талас облусунун Талас токой чарбасынын Талас токойчулугунун токойчусу; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Анарботоев Рустам Анарботоевич | - Жалал-Абад зонасындагы жаңгак токойлорунун экологиялык системасын өнүктүрүүнүн Региондор аралык башкармасынын начальниги; |
Асанбеков Маматжан Асанбекович | - Жалал-Абад облусунун токойду өнүктүрүү жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуунун Жалал-Абад аймактык башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Мусабаев Бакытбек Султанович | - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл токой чарбасынын директору; |
Чарыков Искендер Турдалиевич | - Нарын облусунун Нарын токой чарбасынын токойчусу. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |