Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2008-жылдын 18-декабры ПЖ № 452
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик
саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук
жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар
жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоо киргизүү тууралуу
Экономикалык иштин субъекттеринин каттоо, маалыматтык, статистикалык, финансылык жана башка көрсөткүчтөрүн чагылдырган колдо бар ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде экономикалык иштин субъекттеринин Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтар базасын түзүү жана киргизүү процессин тездетүү зарылчылыгына байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
2-пунктта:
- он төртүнчү абзац алып салынсын;
- он бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Экономикалык иштин субъекттеринин каттоо, маалыматтык жана башка идентификациялык маалыматтарын чагылдырган колдо бар ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде экономикалык иштин субъекттеринин Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтар базасын (мындан ары - Бирдиктүү база) түзүү жана киргизүү этап боюнча жүзөгө ашырылсын:
- эки айлык мөөнөттө ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде Бирдиктүү базанын түзүмү аныкталсын (I этап);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги:
- үч айлык мөөнөттө Бирдиктүү базаны түзүү жана Бирдиктүү базадан маалыматтарды алуу (II этап) үчүн маалыматтарды берүүнүн регламентин иштеп чыксын;
- таламдаш жактарга Бирдиктүү базага ээ болуу (III этап) каражаттарын берсин.".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |