Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 20-июну ПЖ № 227
Республиканын юристтерин мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи"
деген ардактуу наам берилсин:
Сябро Михаил Дмитриевичке - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун соттук-автотехникалык экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Байсабаева Айнура Меймановна - Талас облусунун Юстиция башкармасынын Талас шаарындагы ЗАГС бөлүмүнүн башчысы;
Дуйсенов Эркин Эрманович - Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |