Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 25-декабры ПЖ № 463
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесиндеги 11-пунктка жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
Бекешов Тыныбек Рахманбердиевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-декабрындагы № 379 Жарлыгы менен Чүй облусундагы Сокулук райондук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө шайланган;
Панкратов Сергей Сергеевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-декабрындагы № 379 Жарлыгы менен Бишкек гарнизонунун аскердик сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө шайланган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп которулган;
Темирбеков Лепестин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 25-декабрындагы № 379 Жарлыгы менен Ош шаардык сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө шайланган.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |