Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 30-июну ПЖ № 236
Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын
кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен
сыйлоо жөнүндө
Республиканын саламаттыкты сактоо жагына сиңирген эмгеги үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйлансын;
Ахунбаева Нелли Исаевна - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин медициналык факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы"
деген ардактуу наам берсин:
Антонов Борис Леонидовичке - Бишкек шаарынын № 1 үйбүлөлүк медицина Борборунун врач-невропатологу;
Бектемиров Канжарбек Бекташовичке - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" Мамлекеттик ишканасынын жол ооруканасынын башкы врачы;
Закирова Тынашка - Кыргыз адамдын репродукциясы илимий борборунун врач-терапевти;
Медведев Михаил Анатольевичке - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталынын № 2 көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы;
Өмүрбеков Талантбек Ороскуловичке - Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдардын клиникалык шаардык ооруканасынын башкы врачы;
Ракимбаев Аширбекке - Чүй облусунун Сокулук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу;
Сулайманова Ибадатка - Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнүн башчысы;
Туганбаева Гүлипа Мейманалиевнага - Бишкек шаарынын N 2 клиникалык төрөт үйүнүн анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;
Узакбаев Камчыбек Аскарбековичке - Энеликти жана балалыкты коргоо Улуттук борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абдылдаев Дамир Керимкулович - Улуттук онкология борборунун маммология борборунун директору;
Абдыкеримова Роза Шакировна - Чүй облустук майып-балдарды жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун директору;
Аднаева Нургүл Мажитовна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун калк жана дарылоо-алдын алуу уюмдары менен иштөө боюнча башкармасынын начальниги;
Аппаева Ирина Чапашевна - Ысыккөл облусунун Түп райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн медициналык мээрманы;
Асанов Турдубай - Ош облусунун Каракулжа районундагы "Кызыл-Жар" участкалык ооруканасынын башкы врачы;
Асекова Клара - Чүй облусунун Чүй райондук үйбүлөлүк медицина Борборунун директору;
Бейшенкулов Медет - Таштанович академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун ургенттик кардиология бөлүмүнүн башчысы;
Бердикожоев Төлөк - Ысыккөл облустук бириккен ооруканасынын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмүнүн баш-чысы;
Гапаров Маннан - Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын аймактык ооруканасынын кургак учукка каршы дис-пансеринин башкы врачы;
Герасимова Любовь Михайловна - Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Ананьево айылындагы кургак учук ооруканасынын филиалынын трансфузиология бөлүмүнүн медициналык мээрманы;
Долбаева Гулия Мукашевна - Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын пропедтерапия жана эндокринология кафедрасынын доценти;
Жоробеков Абдылас Жоробекович - Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын факультеттик хирургия кафедрасынын профессору;
Казатова Зоя - Жалалабат облусунун Каракөл шаарынын жалпы врачтык практика Борборунун директору;
Касымалиева Жыргал Ниязбековна - Бишкек шаарынын № 5 үйбүлөлүк медицина Борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орунбасары;
Кочкорова Жумагүл Максутовна - Баткен облустук бириккен ооруканасынын врач-дерматологу;
Максутов Жыргалбек Раимжанович - Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн интенсивдүү терапия блогунун врачкардиологу;
Молдокунова Гүлкайыр Касымовна - Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Нововознесеновка айылындагы "Ак-Тилек" үйбүлөлүк дарыгерлер Тобунун үйбүлөлүк врачы;
Мурзакаримова Лариса Кочкорбаевна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо тминистрлигинин Республикалык медико-маалыматтык борборунун директору;
Разаева Мурзаим - Ош шаардык перинаталдык борборунун акушердик бөлүмүнүн башчысы;
Таирова Мария Махмутовна - Республикалык диагностикалык борборунун цитоморфологиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы;
Таштанова Бүсара Муссаевна - Ош шаарындагы "Боорукердик" жатак-үйүнүн директору;
Усманов Рафик Каримович - Республикалык вирустук гепатитке контролдук боюнча илимий-практикалык борбордун башчысы;
Шадыбеков Эшмамбет - Ош облусунун Алай районундагы № 8 үйбүлөлүк дарыгерлер Тобунун клиникалык жетекчиси;
Ысабеков Мустапа Оморович - Нарын облусунун Атбашы районундагы Аксай айылынын фельдшердик-акушердик пунктунун фельдшери;
Эргешов Манасбек - Жалалабат облусунун Аксы аймактык ооруканасынын Кызылтуу филиалынын директору;
Эшалиев Мухаммед Барпыбекович - Талас облусунун Карабуура районундагы үйбүлөлүк медицина Борборунун директору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |