КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 26-декабры ПЖ № 465
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусундагы Сокулук райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Панкратов Сергей Сергеевич жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаардык сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Темирбеков Лепес жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош шаардык сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |