Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 31-декабры ПЖ № 477
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык
стратегиялык изилдөөлөр институтун кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык жана долбоордук-талдоо жагынан камсыз кылууну андан ары оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту (мындан ары - Институт) түзүлсүн.
2. Институттун директоруна бир айлык мөөнөттө:
- Институт жөнүндө Жобо боюнча;
- Институттун түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылсын.
3. Институттун директору бул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |