Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-апрели № 112/XXIII-25
Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3 аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 02.10.2008ж. Салык Кодексинин 339- беренесинин 4п.ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327 беренени аткаруу максатында Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2012-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жана юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти К- 1 өлчөмдө аныкталсын
2. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |