Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-апрели № 113/XXIII-25
Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 10.04.2008г.№5 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын 27 беренесинин,жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 12-1 беренесине ылайык Нурманбет айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:
-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым
2. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 50 сомдон деп бекитилсин.
3. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |