Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-апрели № 7\2-26
Юрьевка айыл өкмөтүнүн талаачылык түшүмүн кайтарууга кароолчуларды жалдоо, алардын айлык акысы жана талаачылык түшүмүн тебелеткен мал ээлерине айып пул салуу жөнүндө
Юрьевка айылдык кеңешинин сессиясында дыйкан чарбаларынын талаачылык түшүмдөрүн тебелеткен мал ээлерине жаза айыбын салуу жөнүндө маселени карал чыгып жана талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаачьшык түшүмүн кайтарууга кароолчу болуп мавиев Келдияр жана Изиятов Шамиль дайындалынсын.
2. Кароолчулардын айлык акылары дыйкан чарбалардын ар бир гектарынан 22 сомдон ай сайын алынып төлөнү берилсин.
3. Дыйканчарбаларынын талаачылык түшүмүн тебелеткен мал ээлерине төмөндөгүдөй айып пул салынсын:
· уй баласынын башына-500 сом;
· кой баласынын башына-300 сом;
4. Бул токтомду аткарбаган жарандардын ишкагаздары сотко берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин депутаты Х.Исмаиловко жөктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Эминов |