Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-сентябры № 92/XXIII-25
Айдоо жерлерди майкамдоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн төлөмдү бекитүү
Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик кодексинин 185-беренесине ылайык жана 2012 жылдын 15- августунда өткөн айылдык чогулушта айтылган сунуштарды карап жана талкуулап
Кочкорбаев айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык округунун аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан, малдын айдоолорду майкамдоосу, айыл чарба өсүмдүктөрдү керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн:
-ири мүйүздүү малга - 5000 (беш мин) сом
-майда жандыктарга - 500 ( беш жүз) сом
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык округунун кенешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Буранов Л.М. |