КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты № 68/XX-25
Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-1 Коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” “Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-1 Коэффициентин бекитүү жөнүндө” 1 бөлүмүнүн 337 - беренесинин жана 4 бөлүмүнүн 339 – беренесинин негизинде,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын кабыл алынган жаңы салык кодексине ылайык Кочкорбаев айыл өкмөтү К-1 коэффициэнтинин негизинде салыктын 1,5 ставкасына ылайык төлөнүүсү бекитилсин
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Буранов Л.М. |