Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-марты № 16/IV-26
Кочкорбаев айылдык округдун аймагында 2013 –жылга “Жайыт жерлерди” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысынын” 8 берененин негизинде, жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жайыт жерлер жөнүндө” 4 беренесине ылайык, айылдык кеңештин сессиясы жайыт жерлерди колдонууда эффективдүү жана рационалдуу башкаруу максатында,
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Жайыт комитетинин” жетекчиси жана эсепчиси өз ишине КР Мыйзамынын “Жайыт жерлер жөнүндө” жана башка КР нормативдик укуктук актыларды колдонушсун.
2. Жайыт жерлерди колдонууда салык акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
Уй башына 79 сом бир башка
Жаш мал (бодо мал) 55 сом бир башка
Кой, эчки 15 сом бир башка
Жылкы 79 сом бир башка
3. Айылдык округдун аймагындагы айыл четинде жайгашкан жайыт жерлерди жалпы колдонулсун.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Райкеев Дж.Дж |