Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-марты № 18/IV-26
2013 жылга Кочкорбаев айылдык округунун калкка көрсөткөн тейлөө кызматына коюлган баанын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” мыйзамынын 47 беренесине ылайык, эффективдүү жана мамалекеттик башкарууну камсыз кылуу үчүн, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн туруктуулугун жана аткаруу бийлигинин органдарынын аракетин күчөтүү максатында
Кочкорбаев айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кочкорбаев айылдык округунун калкка көрсөткөн тейлөө кызматына коюлган баанын тизмеги бекитилсин ( тиркеме № 1).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык округунун каржы бөлүмүнүн башчысы - Эгемкулова Д. жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Райкеев Дж.Дж. |