Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-апрели № 22/V-26
Таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин (Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы) таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндөгү 12-беренесине ылайык
Кочкорбаев айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2013 жылга таштандыларды чыгаруу үчүн бир түтүнгө (жеке жак) – 50 (элүү) сом, мекеменин кызматкерине (юридикалык жак) – 100 (жүз) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын ичинде төлөө мөөнөтү бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык округунун кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы – Койчукеев Э.С. жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Райкеев ДжДж. |