Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 28 сентябры № 148/ХХII – 25
Айыл чарба жерлер категориясына кирген жер тилкелерин “жайыт жерлер” түрүнөн “башка жерлер” түрүнө которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 11 жана 13 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жыл 22 январдагы № 19 токтому менен бекиген жер тилкелерин “ жайыт жерлер” категориясынан “ башка” жерлерге которуунун тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде №113, 116, 13, 21 чи контурундагы жер тилкелерин которуу боюнча даярдалган иш- кагаздарын карап жана талкуулап,
Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айылдык округунун аймагындагы № 113, 116, 13, 21 чи контурларында жайгашкан ченеми 4,5 га болгон, айыл чарба жерлери категориясына кирген жер тилкелерин “жайыт жерлер” түрүнөн “ башка жерлер” түрүнө которуу жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомду бекитуу үчүн Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы –К.Самсаливге жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык округунун кенешинин төрагасы |
К.Бегалиев
|