Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 30 марты № 133/ХIХ – 25
Айыл чарба эмес жерлеринин жер салыгына жана мүлккө коюлган салык ченинин аймактык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин “ Айыл чарба эмес жерлеринин жер салыгына жана мүлккө коюлган салык ченинин аймактык коэффицентинин бекитүү жөнүндөгү” 327 беренесинин талабына ылайык, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мүлккө коюлган салык чени жана айыл чарба эмес жерлеринин жер салыгынын салык ченин аймактык коэффициенти К-2 -1,0 өлчөмүндө аныкталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы – К.Макашовага жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төраганын орун басары |
К.Бегалиев
|