Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 29-марты № 20/III-26
Төмөнкү- Норус айылындагы көрүстөнгө сөөктү коюунун төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамынын 18- беренесинин 8- пунктуна ылайык, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башкармалыгынын иш билгилигине кирген маселелер жана милдеттерди аткаруу максатында жана 2013 жылдын 24- апрелинде өткөн айылдык чогулушта айтылган сунуштарды карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун - Кыр айылдык округунун аймагында жашаган жана ушул аймакка кирген айылдарда туулуп өскөн, бирок азыркы учурда аймактан тышкары жашаган адамдардын сөөгүн көрүстөнгө коюу бекер жүргүзүлсүн.
2. Узун - Кыр айылдык округунун аймагында туулуп өскөн, бирок азыркы учурда айылда жашабаган адамдардын туугандарына жана ушул аймакта каттоодо турган, бирок жашабаган адамдардын сөөгүн көрүстөнгө коюу- 5000 (беш миң) сом төлөө менен жүргүзүлсүн.
3. Узун- Кыр айылдык округунун аймагында жашабаган, каттоодо турбаган жана чоочун адамдардын сөөгүн коюуга уруксат берилбесин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун Кыр айылдык округунун кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Абиров
|