Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 29-марты № 19/III-26
Айдоо жерлерди майкандоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн төлөмдү бекитүү
Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик кодексинин 185- беренесине ылайык жана 2013 жылдын 24- апрелинде өткөн айылдык чогулушта айтылган сунуштарды карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун - Кыр айылдык округунун аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан, малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрдү керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн:
- ири мүйүздүү малга - 1 500 (бир миң беш жүз) сом
- майда жандыктарга - 500 ( беш жүз) сом
- атчан же ат араба менен айыл чарба өсүмдүктөрүн тебелеп өтүүгө – 200(эки жүз) сом.
- айыл чарба өсүмдүктөрүн унаа менен тебелеп өтүүгө - 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө айып төлөм бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун Кыр айылдык округунун кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А. Абиров
|