Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 16/III-26
Үлүш жерлерде малдардын зыян келтирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик Кодексинин 185 беренесине ылайык жана Бирдик айылдык аймагынын тургундарынын 05.03.2013 жылдагы жыйында айтылган сунуштардын негизинде Бирдик айылдык кеңеш׃
ТОКТОМ КЫЛАТ׃
1. Бекитилсин ׃
- Бирдик айылдык аймагында үлүш жерлерде менчигинин түрүнө карабастан малдын айыл чарба өсүмдүктөргө зыян келтирүүсу үчүн ири мүйүздүү малдарга , жылкыларга 5000 миң сом, майда жандыктарга 3000 миң сом айып салынсын.
2. Булл токтомдун аткарылышын Бирдик айылдык кеңештин жер маселелери жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төр агасы Д.С.Джайлобаевге жүктөлсүн.
Бирдик айылдык кеңештин төрагасы |
М.Д. Шурбеков
|