Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4 апрели №17/III-26
Кайрылган жарандарга жөлөк пул жардам берүү жөнүндө
Красноречка айылдык округунун жоопту катчысы В.Т. Шаршеева “ Кайрылган жарандарга жөлөк пул жардам берүү жөнүндө” берген маалыматын карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңештин депутаттары белгилеп кетишти, айылдык округдун аймагында жети жарым миңден ашык калк жашайт жана алардын баардыгы ар кандай суроолор менен кайрылышат, бирок эң орчундуу кайрылуу бул каза болгон адамды көмгөнгө берилүүчү жөлөк пул болуп эсептелинет, ошондуктан аларга даректүү социалдык материалдык жардам берүү катарында,
Красноречка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга бюджетти түзүүдө кайрылган жарандарга жана каза болгондорду көмгөнгө кайрылган жарандарга 1000 сомдон (бир мин сомдон) жөлөк пул берүү каралсын. Өрткө жабыркагандарга – 5000 сомдон (беш миң сомдон) жөлөк пул берүү каралсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Красноречка айылдык кеңешинин төрайымы |
К.К. Коджекматова |