Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 –жылдын 18 апрели №124/XIV-25
Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин “Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 Коэффициентин бекитүү жөнүндө” 1 бөлүмүнүн 337 - беренесинин жана 4 бөлүмүнүн 339 – беренесинин негизинде,
Красноречка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красноречка айылдык округдун аймагында 2012-2013 – ж. айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 коэффициенти -1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Красноречка айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Исламов |