Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 04 апрели №19/111-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында таза суу колдонууну тартипке келтирүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ичинде таза суу колдонууну тартипке келтирүү боюнча маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында таза суу колдонууну тартипке келтирүү максатта тартип бузуучуларга төмөндөгүдөй айып пулдар каралсын:
1. Таза суу менен огород сугаргандарга:
· -1-жолу кармалгандарга 500 сом айып,
· -2-жолу кармалгандарга- 1000 сом айып,
· -3-жолу кармалгандарга-2000 сом айып
2. Үйгө таза суу түтүгүн тартып киргизүүгө уруксаат алуу- 500 сом
3. Уруксаатсыз таза суу түтүгүн тартып киргизгендерге-2000 сом
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө таза суунун колдонушун текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Мусакеев
|