Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 04 апрели №20/111-26
Нурманбет айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине 19.01.2013-жылда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан киргизилген өзгөртүүнүн негизинде Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган калктын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген адамдар болгондугуна байланыштуу айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Мусакеев
|