Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-декабры №152/ХХI-25
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктерди сатууну чектөө жөнүндө
Коомдук тартипти сактоо жана туруксуз абалды болтурбоо максатында жана Ак-Кудук айылдык округунун аймагында мас абалындагы жаштар арасында уруштун чыккандыгына байланыштуу
Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык округунун аймагында жайгашкан баардык соода точкаларында саат 19-00 дөн 9-00 гө чейин спирттик ичимдиктерин сатууга тыюу салынат.
2. Белгиленген убакыттан кийин жана жашы жетелек балдарга спирттик ичимдиктерди саткандыгы үчүн сатуучуларга 5000 сом айып салынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын текшерүү боюнча айылдык Кеңештин депутаттары айыл өкмөт, көчө комитеттери, аксакалдар соту, участкалык инспектор менен бирге рейддерди жүргүзүшсүн.
4. Айыл өкмөттүн башчысы А.В.Кульбеда ушул токтом менен баардык соода точкаларынын ээлери менен кол койдуруу аркылуу тааныштырсын. Дүкөн, дүкөнчөлөрдүн иштөө тартиби соода точкаларынын ээлери менен макулдашылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулук , укук тартиби жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
М.В.Ким |