Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27 апрели №156/ХХIII -25
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө
“Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетти ьекитүү жөнүндө” Ак-Кудук айылдык округунун каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы О.Г.Котлярованын баяндамасын угуп жана талкуулап, бюджеттик угууда айылдык округдун 2011-жылдагы бюджети майда-чүйдөсүнө чейин талкууланды деп ак-Кудук айылдык кеңеши белгиледи. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде бюджеттик угууда айтылган сунуштарды эске алуу менен өзгөрүүлөр киргизилди.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык округунун айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн 2012-жылга берилген бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 13387,1 миң сом, чыгаша бөлүгү боюнча 13387,1 миң сом бекитилсин.
2. №2 тиркемеге ылайык айлык акынын лимит фонду бекитилсин.
3. №3 тиркемеге ылайык штаттык жүгүртмө бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жана бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
М.В.Ким |