Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-сентябры №181/XXV
“Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына “ “Айыл чарбага белгиленген жерлердин” категориясынан Ак-Кудук айылдык округунун аймагына жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 токтомунда бекитилген жер тилкелериндеги бир өсүмдүктүн түрүнүн экинчи түрүнө же бир категориядан башка категорияга өтүү (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Жобону колдонмо кылып, “Айыл чарбага баелгиленген жерлердин “ категориясындагы “жайыт” өсүмдүк түрүнө караштуу №131, 133- контурларда жайгашкан жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө даярдалынган материалдарды карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына “ Айыл чарбага белгиленген жерлердин категориясынан” №131 жана 133- контурларда жайгашкан жалпы аянты 6.0 га жер тилкесин өткөрүү (трансформациялоо) жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
Ким М.В. |