Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26 декабры №11/1-26
Айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жер салыгынын акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339-беренесинин негизинде “Айылчарбага белгиленбеген жерлерге жер салыгынын акысын бекитүү жөнүндө” маселени карап көрүп
Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга айыл чарбага белгиленбеген жерлердин салыгынын акысын эсептөө үчүн Ак-Кудук айылдык округунун аймагында зоналык коэффициенти К1=1 бекитилсин.
2. Ак-Кудук айылдык округунун салык инспектору ушул токтомду колдонмо кылып айыл чарбага белгиленбеген жерлердин салыгынын аксын эсептөө жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
И.И.Боров |