Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты №15/11-26
2013-жылга Ак-Кудук айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планын бекитүү жөнүндө
“2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”Ак-Кудук айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, 2012-жыл үчүн айылдык округудун социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планынын аткарылышы боюнча чоң иштер өткөрүлүп жаткандыгын Ак-Кудук айылдык кеңеши белгиледи. Баардык пландалган иш чаралар аткарылды.
Айылдык округдун 2013-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планында айылдык округдун маанилүү көйгөйлөрү каралган, алар Ак-Кудук айылындагы спорт залдын курулушун аяктоо, жолдорго таш төгүү, Хунчи айылындагы бала бакчаны оңдоо жана башка маанилүү көңгөйлөр.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.В.Кульбеданын маалыматы эске алынсын.
2. 2013-жылга Ак-Кудук айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планы бекитилсин.
3. 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.
4. Жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
И.И.Боров |